Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/09 12:58
 

Чехия Бишкек шаарында элчилигин ачууга кызыктар – Элиша Жигова

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Чехия Бишкек шаарында өзүнүн элчилигин ачууга кызыктар. Бул тууралуу Чехиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы (кеңсеси Астана шаарында жайгашкан) элчиси Элиша Жигова билдирди.

Ал Бишкек шаарындагы Кыргыз-Чех бизнес форумунун ачылышы боюнча өткөн маалымат жыйында алардын кеңсеси Астанада, бирок Бишкек шаарында дагы кеңсеси болсо жакшы болот эле дейт.

“Учурда Кыргызстандын борборунда консулдук бар. Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан бизнес-форум биз үчүн чоң мааниге ээ. Эгер эки өлкөнүн кызматташтыгы жөнгө салынса, анда биздин өкмөткө Кыргызстанга элчилик ачыш керек деп сунуштайт элек. Бизде Бишкекте иштөөнү каалаган дипломаттар бар”,-деди ал

Мындан тышкары, ал эки өлкөнүн саясый карым-катнаштары дагы абдан жакшы мамиледе экенини баса белгиледи.

«Кыргызстанга Чехия Республикасынын парламентинин төрагасы келип кеткен. Бул абдан жогору деңгээлдеги иш сапары болгон. Биз эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн жогорулатуу үчүн жана жерлерде долбоорлоду ишке ашыруу үчүн биринчи жана маанилүү кадамдарды жасап баштадык”,-деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу