Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
27/09 18:30
 

Максат Сабиров: “Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү 41-беренеге жана бир жыныстагылардын никеси тууралуу нормага байланыштуу саясатташтырылып жатат”

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү 41-беренеге жана бир жыныстагылардын никеси тууралуу нормага байланыштуу саясатташтырылып жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине депутат Максат Сабиров («Республика-Ата-Журт») билдирди.

Анын айтымында, Башмыйзамга анчалык деле чоң өзгөртүүлөр киргизилип жаткан жок.

Өзгөртүү киргизүүнүн негизги максаты – сот системасын жана укуктук органдарды реформалоо. Ошондой эле, орусчадан кыргызчага которгон учурда каталарды оңдоо. Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын бизге эмне кылуу керектигибизге талап койгон беренени алып салуу.
Эл депутаты президенттин укугун күчөтүү тууралуу маселе көтөрүлбөгөндүгүн белгиледи.

“Ошондуктан өзгөртүүлөрдө бийликти узурпациялоо тууралуу эч бир сөз жок. Биз эгемен мамлекет болгондуктан Башмыйзамыбызга зарылдыгына жараша өзүбүз өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Анткени, маданиятыбызды, адат-салтыбызды сактап калышыбыз зарыл”,-деп кошумчалады депутат.

Эскерте кетсек, бүгүн ЖКнын профилдик комитети Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоду.Палата бул маселени 7-октябрда карайт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу