Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
27/09 17:50
 

Иса Өмүркулов: Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору Конституция жана Регламенттин нормалары менен жүрүүдө

Иса Өмүркулов: Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору Конституция жана Регламенттин нормалары менен жүрүүдө

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйыны өтүп, анда референдумду дайындоо маселеси каралды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач жыйындын күн тартибин аныктоодо депутаттар ортосунда «КРнын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамы боюнча референдумду дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоорун күн тартибине киргизүүдө талаштар орун алды. Эл өкүлдөрүнүн бир бөлүгү процедуралардын бузулганын, экспертиза жана бүтүмдүн жоктугун айтып, аталган мыйзам долбоорун кароого каршы чыгышты.

Ал эми КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындай каршы пикирлердин негизсиз экенин белгилеп, мыйзам долбоору 3 экспертизадан өтүп, Өкмөттүн оң бүтүмү чыкканын айтты. Мындан сырткары, фракция лидери белгилегендей, ЖКнын Регламентине ылайык, мыйзам долбоору конституциялык норма жана жоболорго дал келерин аныктоо максатында экспертизадан өткөрүүгө Конституциялык палатага жиберилген. «Конституциялык реформа боюнча демилге коомчулуктун кеңири талкуусуна алынды. Тилекке каршы, башынан эле башкы мыйзамды өзгөртүүгө каршы позицияны карманган айрымдар көптөгөн талкууларды, конструктивдүү диалогдорду моюндабай келишүүдө. Учурда референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору 3 экспертизадан өткөрүлдү, Өкмөттүн бүтүмү бар, ошондой эле акыркы бүтүм үчүн Конституциялык палатага жиберилди. Регламент, Конституциянын нормалары бузулган жок. Мыйзам долбоору Конституциянын 74 жана 114-беренелерин жетекчиликке алуу менен Жогорку Кеңешке киргизилүүдө», - деди Иса Өмүркулов.

Талкуудан кийин эл өкүлдөрү «КРнын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамы боюнча референдумду дайындоо жөнүндө» мыйзам долбоорун күн тартибине киргизишти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу