Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
27/09 15:51
 

ЖКнын тармактык комитети референдум тууралуу мыйзам долбоорун колдоду, палата 7-октябрда карайт

 ЖКнын тармактык комитети референдум тууралуу мыйзам долбоорун колдоду, палата 7-октябрда карайт

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитетте референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун 4 фракция (КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Республика – Ата-Журт”) толугу менен колдоду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова (“Кыргызстан”) билдирди.

Анын айтымында, бул конституциялык мыйзам долбоору болгондуктан талкуу кызуу жүрдү. “Демилгечи катары Иса Өмүркулов чыкты. Комитетте маселе каралды, эми палатага жөнөтүлөт. Белгилей кетүүчү жагдай, мыйзам долбоорун Чолпон Жакупова (“Бир-Бол”) жана Алманбек Шыкмаматов (“Ата-Мекен”) колдогон жок. Жалпысынан комитетте эч кандай толуктоолор киргизилген жок, башкача айтканда мыйзам долбоору башында кандай болсо ошол бойдон калды. Мен демилгечилер даяр документти берүү керектигин түшүнсө керек деп ойлойм. Палатада кандайдыр бир учурлары каралышы ыктымал”,-деп түшүндүрдү ал.

Эл өкүлү палата маселени 7-октябрда карай турганын белгиледи. “Белгилүү болгондой, мыйзам долбоорунун өтүшү үчүн 81 добуш чогултуу зарыл. Эгер “Ата-Мекен” толугу менен колдобосо дагы демилге өтөт. Анткени, парламентте социалисттер 11 эле адам”,-деп кошумчалады Ч.Султанбекова.

Эскерте кетсек, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду жергиликтүү кеңешти шайлоо менен бир күнгө - 4-октябрга белгилөө пландалууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу