Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
26/09 19:54
 

Эксперт Марат Казакпаев: “Эл аралык уюмдар кырдаалды курчутуш үчүн бардык мүмкүнчүлүктү жасап жатышкандай”

Эксперт Марат Казакпаев: “Эл аралык уюмдар кырдаалды курчутуш үчүн бардык мүмкүнчүлүктү жасап жатышкандай”

Бишкек, 26-сентябрь /Кабар/. Барыдан мурда кайсы бир эл аралык документке кол коюуда андан кийин эмне боло тургандыгын ойлонуу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу Марат Казакпаев билдирди.

Бийликтин көйгөйү 2010-жылы Конституцияны кабыл алууда 41-беренеде БУУнун жана ЕККУнун адам укуктары жазылып калгандыгында болуп жатат.

“Андан кийин Азимжан Аскаров окуясы болуп өттү. БУУнун комитети Кыргызстандын Жогорку сотунун бул укук коргоочу тууралуу чечимин кайра кароосу боюнча чечим чыгарды. Бирок, ал биздин Фемиданын чечимин алмаштырып, азыр да Чүй облустук сотунда жүрүп жаткан процесстерге таасир тийгизе албайт. Бүгүн ушундай эле мүмкүнчүлүктөн Кадыржан Батыров да пайдалангысы келип жатат. Башкача айтканда, ал БУУга жана ЕККУга кайрыла алат. Түшүнүктүү болгондой алар аны колдоп чыгышат. Себеби, ал эл аралык террористтердин тизмесине кирбей калган. Айтмакчы, аталган эл аралык уюмдар К.Батыровго окшогондорго 1-жолу атайын аянтча берип жаткан жери жок. Тажикстандын Ислам партиясы дагы ЕККУнун ушундай аянтчаларынан пайдаланышкан. Мындан улам уюмдар абалды курчутуу үчүн болгон-бүткөн мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатышабы деген ойго келесиң”,-деди ал.

Мындан тышкары, саясатчы ЕККУ тарабынан эки жүздүү стандарт байкаларын билдирди.

“Ошондой эле, Интерпол дагы К.Батыровду кармагандан баш тартууда. Аны саясий максатта куугунтуктап жатасынар дешүүдө. Мен КР ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев бул тууралуу туура айтты деп эсептейм. Биз тараптан бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда”,-деп кошумчалады М.Казакпаев.

Ошондой эле, ал Азиза Абдурасулованы жана К.Батыров сүйлөп жатканда жанаша отурган Төлөйкан Исмаилованы “чыккынчылар” деп атады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу