Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/07 08:48
 

Германия канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Германия канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Бишкек, 14-июль /Кабар/.  Кечээ, 13-июлда Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Манас” эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Германия Федералдык канцлери Ангела Меркелдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Аэропорт майданында асабаларга илинген Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын мамлекеттик туулары желбиреп, Ардактуу күзөт тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.

Расмий иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен Федералдык канцлер Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү болот. Лидерлер Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын абалына жана аны мындан ары тереңдетүү перспективаларына байланыштуу кеңири маселелерди талкуулашат, ошондой эле эл аралык жана регионалдык маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу жүрөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Президент Алмазбек Атамбаев жана Федералдык канцлер Ангела Меркель биргелешкен маалымат жыйын өткөрүшөт.

Видео
1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу