Cаясат

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/10 11:19
 

Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча КМШ алкагында үчүнчү, дүйнөлүк алкакта 34-орунга чыкты

Кыргызстан бюджеттин ачыктыгы боюнча КМШ алкагында үчүнчү, дүйнөлүк алкакта 34-орунга чыкты

Бишкек, 15-октябрь /Темирбек Алымбеков–Кабар/. Мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын реформалоонун натыйжасында бюджет процессинин механизмдери, бюджеттин ачык-айкындыгы өркүндөтүлдү. Бул тууралу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди.

“Буга бюджеттин ачыктыгынын эл аралык рейтинги далил. Бюджеттик ачык-айкындык индексин изилдөөнүн жыйынтыгы Эл аралык бюджеттик өнөктөштүк тарабынан эки жылда бир жолу жарыяланат. Бюджеттин ачыктыгынын индекси бюджеттик маалыматтын коомчулукка жетүү даражасын аныктайт”,-деди ал.

“Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн изилдөөлөрү боюнча 2012-жылы бюджеттин ачыктыгынын индекси 20 баллды түзүп, Кыргыз Республикасы 76-орунду ээлеген болсо, 2015-жылы бюджеттин ачыктыгынын индекси 54 баллды түзүп, Кыргыз Республикасы 34-орунду ээледи. Индекстин өсүшүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 8 негизги бюджеттик документти даярдап, жарыялоодогу жигердүү иши, 2013-жылдан бери региондордо жана Бишкек шаарында өткөрүлүп келе жаткан республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар өбөлгө болду. Ушул жерден индекс 8 негизги бюджеттик документ боюнча бааланарын айта кетүү абзел”-деп кошумчалады ал.

“Ошону менен 2012-жылы бюджеттин ачыктыгынын индекси 20 баллды түзсө, 2015-жылы 54 баллды түздү. Муну менен Кыргыз Республикасы бюджеттин ачыктыгы боюнча рейтингде (100 өлкөнүн ичинен) 76-орундан (102 өлкөнүн ичинен) 34-орунга жылып, Казакстан, Түркия, Малайзия, Венгрия, Сербия, Индия сыяктуу өлкөлөрдөн озуп кетти.

Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан бюджеттин ачык-айкындыгы боюнча Россия Федерациясынан (11-орун, 74 балл) жана Грузиядан (16-орун, 66 балл) кийинки 3-орунду ээледи”,-деди министрдин орун басары.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу