Cаясат

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
22/09 16:17
 

Президент Каракол шаарынын Түп, Тоң, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

 Президент Каракол шаарынын Түп, Тоң, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Бишкек, 22-сентябрь /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-сентябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын, Түп, Тоң, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун активи жана коомчулугу менен жолугушуу өткөрдү.

“Суроо-жооп” форматында болгон жолугушуунун башталышында Мамлекет башчысы кийинки жылы Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин кезектеги саммити жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары өткөрүлөөрүн эске салды.
Президент Алмазбек Атамбаев облустагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү туурасында кеңири айтып берди. Тактап айтканда, Президент облуста Балыкчы-Чолпон-Ата автомобиль жолу толугу менен реконструкциядан өткөрүлөөрүн маалымдады. Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдү тегерете айланма автожолду капиталдык ремонттон өткөрүү маселеси иштелип жаткандыгын да белгиледи.
Андан тышкары Мамлекет башчысы жакынкы эки жылда Чолпон-Ата шаарын Алмата менен байланыштырган трассаны куруу боюнча долбоор соңуна чыгат деди. “Бул долбоор туристтик тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө болуп, өлкөнүн экономикасынын тармактарын жандандырууга жакшы түрткү берет”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Андан соң Президент Алмазбек Атамбаев айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду. Президент азыр дыйкан чарбаларын жана фермердик чарбаларды реалдуу өнүктүрүүгө жетишиш үчүн мамлекет айыл чарба багытындагы саясатты кайра карап жаткандыгын белгиледи.

Ушуга байланыштуу Мамлекет башчысы Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу облус үчүн да, жалпы республика үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткандыгын баса белгиледи. “Мамлекет өз кезегинде айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө толук колдоо көрсөтөт. Тактап айтканда жеңилдетилген кредиттерди бөлүп берет”,-деп белгиледи Президент.

Алмазбек Атамбаев калкка социалдык колдоо көрсөтүүнүн маанисин баса белгиледи. Мамлекет мындан ары дагы пенсияларды жана социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу боюнча чара көрөөрүн айтты.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы пенсиялык система жарандарга карата адилеттүү болууга тийиш экендигин, ал эми пенсиялардын өлчөмү ишке ашырылган төлөмдөрдүн көлөмүнө жараша болуш керектигин белгиледи.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев энергетикалык жана транспорттук тармактардагы ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндөгү реформаларга токтолду.

Президент алдыда келе жаткан парламенттик шайлоолорду да кыйгап өттү. “Мамлекет таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн бардык чараларды көрдү. Ар бириңер өз келечегиңер үчүн жоопкерчиликти моюнга алып, таза абийир менен татыктуулар үчүн добуш бересиздер деп ишенем. Бийликти эл өзү тандап алууга тийиш”,- деген Алмазбек Атамбаев жергиликтүү тургундарды өлкөнүн келечегине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, келе жаткан шайлоодо добуш сатпоого чакырып кетти.

Мамлекет башчысы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат маселелерине дагы токтолуп өттү. Президент ошондой эле эки жылдын аралыгында өлкөдө мектептердин жетишсиздиги маселеси толугу менен чечилээрин айтты.

Президент Алмазбек Атамбаевдин иш сапары Чолпон-Ата шаарында уланат. Эртең, 23-сентябрда Мамлекет башчысы Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын жана Ысык-Көл районунун активи жана коомчулугу менен жолугушууларды өткөрөт.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу