Cаясат

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
23/04 17:00
 

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет элдик Элчилерден Ишеним грамоталарды кабыл алды

Бишкек, 23-апрель /Кабар/. 23-апрелде Президент Алмазбек Атамбаев бир катар чет мамлекеттердин Элчилеринен Ишеним грамоталарды кабыл алды.Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Австралиянын, Сербиянын, Мексиканын, Словениянын, Нидерланддардын, Латвиянын, Португалиянын жана Палестинанын Элчилерин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык ишмердигинин расмий башталышы менен куттуктады. Президент Элчилерге Кыргызстан менен алардын өлкөлөрүнүн ортосунда достукту чыңдоонун жана өз ара пайдалуу кызматташуунун кызыкчылыгында ишмердиги ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады. “Бардыгыңыздар өлкөбүзгө тилектеш болуп, жакшы таасирде каласыздар деген ойдомун”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргызстандын тышкы саясаттагы башкы приоритети дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен тыгыз, конструктивдүү, ачык жана ырааттуу өнөктөштүктү өнүктүрүү экендигин баса белгиледи. “Биз ар бир өлкөнүн узак мөөнөттүү кызматташуунун талаптарына жооп берген жалпы максаттарын туура айкалыштырууну жана кызыкчылыгын урматтоону колдойбуз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Австралия менен кызматташуу туурасында кеп кылып келип, Президент Кыргызстан саясый диалогду активдештирип соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда натыйжалуу иштерди жөнгө салууга умтулаарын белгиледи. “Биз Австралия зор тажрыйбага ээ болгон тоо кендерин иштетүү жана кайра иштетүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыктарбыз”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Сербия Республикасынын Элчисине кайрылып, Мамлекет башчысы Кыргызстан эки тараптуу кызматташууга жакшы түрткү берүү максатында саясый диалогду жандандырууга умтулаарын айтты. Президенттин айтымында бул биринчи кезекте соода-экономикалык, гуманитардык жана туристтик тармактарга тиешелүү.

Мамлекет башчысы бул максаттарга жетүү үчүн тараптар өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу зарыл экендигин белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев Мексика Кошмо Штаттары менен саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу тыгыз кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул көп тараптуу форматтагы кызматташуу менен катар өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө жол ачмак.

Мамлекет башчысынын айтымында Кыргызстан Словения Республикасы менен түрдүү тармактарда кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү бар. “Биз соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана туризм тармагында кызматташууга кызыктарбыз. Өлкөлөрүбүздүн ортосунда көп окшоштуктар жана жалпылыктар бар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Нидерланддар Королдугу менен жылуу жана достук мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берди, саясый жана соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө ишенимин билдирди. Алмазбек Атамбаев голландиялык компанияларды Кыргызстанда, оболу айыл чарбасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды. “Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча Нидерланддар тарабынан дагы активдүү кадамдарды жасоого кызыгуу көрсөтүлөт деп ойлойм”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Латвия Республикасы менен кызматташуу боюнча айтып келип, Мамлекет башчысы Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичстин үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстанга жасаган сапары саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жакшы түрткү болгондугун белгиледи. “Балтика боюндагы өлкөлөр менен кызматташууну жандандырсак деген жакшы ниетибиз бар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Португалия менен саясый диалогду мындан ары чыңдоого кызыктар экендигин, түрдүү эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну активдештирүү зарылчылыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы Палестина Мамлекети менен достук байланыштарды кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну активдештирүүнүн зарылчылыгын баса белгиледи. “Өнүгүү жолунда Палестина туш келип жаткан проблемалар тынчтык, дипломатиялык жолдор менен чечилет деп ойлойм”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев дипломатиялык өкүлдөрү өз ишмердигинде Кыргызстан жетекчилиги тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөөрүнө ишендирди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары Ишеним грамоталарын тапшырды:

Австралиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Пол Эндрю Майлер;
Сербия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Словенко Терзич;
Мексика Кошмо ШтаттарынынКыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улисес Канчола Гутьеррас;
Словения Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Примож Шелиго;
Нидерланддар КоролдугунунКыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хенри Юбер Дриссер;
Латвия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Юрис Маклаковс;
Португалия РеспубликасынынКыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марио Годиньо де Матуш;
Палестина Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мохаммед Абдулла Таршахани.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу