Cаясат

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
10/04 12:39
 

Темир Сариев: «Электрондук өкмөт-бул паракорлук жана бюрократизм менен күрөшүүнүн эң ыңгайлуу жолу”

Бишкек, 10-апрель, /Аскат Турусбеков-Кабар/. Электрондук өкмөт–бул паракорлук жана бюрократизм менен күрөшүүнүн эң ыңгайлуу жолу. Мындай пикирди КРнын экономика министри Темир Сариев бүгүнкү “КРнын өкмөтүнүн 2014-2017-жылдар аралыгында электрондук башкарууну жайылтуу жана аны ишке ашыруу боюнча Планынын жүрүш стратегиясы” аттуу тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, электрондук өкмөттү колдонуу мамлекеттик аппараттын мазмунун жана кызматын берүүдөгү чыгымдарды азайтууга, жарандардын убакытын жана каражаттарын үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт, ошондой эле мамлекеттик органдардын иштерин ачык-айкын көрүүгө болот.
Электрондук өкмөттө: электрондук кызматтар, нормативдик-укуктук база, ИКТ-архитектура, каржылык жана экономикалык натыйжалуулук, адистик потенциал жана сандык сапаттуулук, жарандардын ачыктыгы жана катышуулары, башкаруу жана координация сыяктуу 7 багыт бар экенин белгиледи Темир Сариев.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу