Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/03 17:41
 

Виталий Кличко президенттикке ат салышуудан баш тартты

Виталий Кличко президенттикке ат салышуудан баш тартты

Бишкек, 29-март /Кабар/. Мурда Украинадагы президенттик шайлоого катышарын билдирген «Сокку» партиясынын лидери Виталий Кличко акыркы ирет Киевдин мэрлигине талапкерлигин коёрун чечкендигин ишембиде «Интерфакс» билдирди.
Демократиялык күчтөрдөн биридиктүү талапкер катары Кличко Украинанын эл депутаты Петр Порошенкону колдоого чакырды. «Жеңишке жетүү үчүн жалгыз мүмкүнчүлүк – бул демократиялык күчтөрдөн бир талапкерди көрсөтүүсү. Калган саясатчыларга эки украиналык – үч гетман принцибин калтырабыз. Акыркы жылда мен бир талапкерди көрсөтүүнү айтып келдим... бул жарандардын көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ боло турган талапкер болуш керек», – деди Кличко «Соккунун» курултайында ишемби күнү Киевде.
Киевдин мэрлиги үчүн ат салышары тууралуу айтып, Кличко Киевди чыныгы европалык борбор кылып, баардык реформалар менен башталыштар борбордон баштала тургандыгына күрөшөрүн убада кылды.
Киевдин мэрин шайлоо Украинанын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлагандай эле 25-майга белгиленген. БШКга талапкерлигин каттатуу үчүн документтерин 29-мартта Майдандын медициналык кызматынын башкы координатору Ольга Богомолец жана Украина коммунисттер партиясынын лидери Петр Симоненко тапшырышты. Ошондой эле кампанияга катышуу планын «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко жана мурдагы харьковдук губернатор Михаил Добкин билдиришти. Талапкерлерди каттоо 30-мартта аяктайт. Акыркы маалыматтарга ылайык, БШКга 13 адам арыз берген.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу