Cаясат

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
29/03 15:21
 

Нооруз майрамынын дари тилиндеги гимни кабыл алынды

Нооруз майрамынын дари тилиндеги гимни кабыл алынды

Бишкек, 29-март /Кабар/. Афган Ислам Республикасында 11 мамлекеттин жетекчилери катышкан Нооруз майрамында Нооруздун дари тилиндеги жаңы жазылган гимни кабыл алынды. Мындай маалыматты Кабул шаарында Нооруз майрамынын урматына өткөрүлгөн салтанатка Кыргыз Республикасынын атынан катышып, 29-мартта келген Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Кубатбек Боронов билдиргендигин ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

“Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө куран окуу менен ачылып, андан соң Нооруз майрамынын жаңы жазылган дари тилиндеги гимни жаңырды”,- дейт Кубатбек Боронов. Нооруз салтанатында ар бир мамлекеттин маданият кызматкерлери өз өлкөлөрүнүн улуттук кийимдери менен барышып, ырдап, бийлеп, чыгармачылыктарын тартуулашкандыгын, өз өлкөлөрүнүн сүмөлөк баш болгон улуттук тамак-аштарынын түрлөрүн атайын уюштурулган көргөзмөгө коюшкандыгын кошумчалады.

Кыргыз Республикасында диний кызматкерлер бул майрамды белгилөөгө каршы чыгып жатышкандыгына жооп иретинде –“Жогорудагы 11 мамлекет Ислам динин өтө урматтап, барктагандыгын баарыбыз жакшы билебиз, алардын башчыларынын баары 21-мартта өз өлкөлөрүндөгү Нооруз майрамына катышып, эли-журтун куттуктап коюп, анан 27-мартта Кабулга жыйналып жатышат. Майрамды куран окуп, салтанаттуу ачышты, анын дари тилиндеги гимни кабыл алынды. Демек, бул майрамды өткөрүүгө каршы болууга негиз жок деп ойлоймун. Анын үстүнө ата-бабаларыбыз Ноорузду жаңылануунун, жашаруунун жаратылышка кыймыл кирген жаз майрамы катары белгилеп келишкен. Жогорудагы 11 мамлекеттин башчылары катышкан салтанаттуу майрамда да жаңылануу, жашаруу, ааламга кыймыл кирген жаз менен бири-бирин куттуктап жатышты. Жыл сайын өтүп туруучу бул салтанаттуу майрам ага катышкан мамлекеттердин ынтымагынын бекемделүүсүнө чоң өбөлгө түзөт”,- дейт Кубатбек Боронов.

 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу