Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/03 10:28
 

А.Атамбаев:”Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат”

  А.Атамбаев:”Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат”

Бишкек, 21-март /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин Нооруз майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо мындай деп айтылат:
“Урматтуу мекендештер!
Эзелтен ата-бабаларыбыз Нооруз майрамын чоң үмүт, жакшы тилек, ачык маанай менен тосуп келишкен. Бири-бирине жакшылык, ийгилик, бакыт-таалай каалашкан. Бүгүнкү күндө да Нооруз майрамы элибиздин келечекке болгон үмүтүн арттырып, ар бирибизди, коомубузду, өлкөбүздү жаңыланууга, тазаланууга үндөп турат.
Нооруз менен башталган жазгы жандануу жерибизге ынтымак, биримдик, молчулук алып келсин! Жаратканыбыз Кыргызстанды колдосун!
Урматтуу кыргызстандыктар!
Байыртан ата-бабаларыбыз жазында күн менен түн теңелип, күн узарып, түн кыскарганын байкаган. Нооруз адамдар үчүн эртеби-кечпи жарык - караңгыны, жылуулук - суукту, чындык - жалганды, жакшылык - жамандыкты жеңет деген белгиге айланган. Нооруз амандыктын, жаңылануунун майрамы! Жаңы жылдын башталышы Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жана ийгиликтин башаты болот деп ишенем!
Кымбаттуу кыргызстандыктар, сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бардыгыңыздарга чың ден соолук, ийгилик, бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм!”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу