Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/02 18:37
 

КР ТИМ жетекчиси Э. Абдылдаев Афганистанга расмий иш сапар менен барат

Бишкек, 15-февраль /Кабар/. Бүгүн, 15-февралда КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Афганистан Ислам Республикасына расмий иш сапары башталат. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Афганистандын президенти Х.Карзай, Тышкы иштер министри З. Османи жана БУУ Башкы катчысынын атайын өкүлү, Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча Миссиянын башчысы Я.Кубиш менен жолугуу пландаштырылган.

Алдыдагы жолугушуулардын алкагында эки өлкөнүн саясый, соода-экономикалык, жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык уюмдардагы өз ара кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы. Атап айтканда, тараптар катышуучусу биздин өлкөлөр болуп саналган аймактык коопсуздук жана жана аймактык инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышууга ниеттенишүүдө.

Бул иш сапар эки тараптуу кызматташтыктын тарыхында алгачкы ирет КР тышкы иштер министринин расмий иш сапары түрүндө афган тараптын чакыруусу менен жасалууда жана КРнын Кабулдагы элчилигинин салтанаттуу ачылышына арналууда.

2013-жылы кыргыз-афган кызматташтыгынын өнүгүүсү байкалган. Атап айтканда, афган делегациясы президент Х. Карзайдын жетекчилиги менен Бишкектеги ШКУ саммитине катышкан. Ошондой эле өткөн жылы Бишкекке Афганистандын маңзатка каршы күрөшүү министри А. Османи, өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси М. Какар келген.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу