Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/01 16:46
 

Кыргызстан менен Индиянын Өкмөттөрүнүн ортосундагы дипломатиялык, расмий жана кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бишкек, 29-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «2013-жылдын 19-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана/же расмий/кызматтык паспорт ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу КРнын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 25-декабрында кабыл алынган.

Ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө индиялык тарапка билдирүү милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу