Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/01 16:24
 

2014-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында таза суу менен камсыздоону өнүктүрүү Программасы жактырылды

2014-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында таза суу менен камсыздоону өнүктүрүү Программасы жактырылды

Бишкек,18-январь /Кабар/. 17-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы менен 2014-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында таза суу менен камсыздоону өнүктүрүү Программасын талкуулаган кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешменин ишине тиешелүү министрликтер менен мекеме жетекчилери жана эл аралык донор уюмдарынын өкүлдөрү, серепчилер катышты.
Вице-премьер-министр калкты таза суу менен камсыз кылуу маанилүү жана орчундуу маселелерден экендигин белгиледи.
“Таза суунун жоктугу жана таза сууну жеткирүү кызматынын сапатсыз ишинин жыйынтыгы тургундардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жалпы эле мамлекеттик органдардын дарегине нааразычылыкты жаратууда.

Бүгүнкү күнгө республиканын тургундарынын 40 пайызы борборлоштурулган таза сууну тиешелүү деңгээлде ала алышпай жатат. 2001-жылдан тарта Азия өнүктүрүү банкы жана Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан бөлүнгөн каражаттарга республикада суу менен камсыздоо секторунун техникалык абалын жакшыртууга карабай, алгылыктуу иштер жок. Кырдаалды жакшыртуу максатында 2014-2024-жылдарга таза ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү Мамлекеттик программасы иштелип чыккан”, – деди ал.

Андан соң, иштелип чыккан программа талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгында 2014-2024-жылдарга таза ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү Мамлекеттик программасы сунуштар менен эскертүүлөрдү эске алуу менен жактырылды.


Маалымат:

2013-жылдын 1-сентябрына карата, Кыргыз республикасынын аймагында 1891 калктуу пункт болсо, анын 1805и элет жери. Алардын 265 айылында суу түтүктөрү 60-жылдарда салынган, 458де 80-жылдарда курулган, ал эми 396 кыштакта суу түтүктөрү болгон эмес. Колхоз, совхоздордун жоюлушу менен 10 жылдан ашуун убакыт бою суу түтүктөрү кароосуз калган, натыйжада алардын техникалык абалы начарлап, республиканын бир топ айылдарында суу түтүктөрү жоголгон.
Айыл жеринин 40 пайызы таза суу менен камсыз болгон эмес. Өзгөчө борборлоштурулган суу бөлүштүрүүчү жерлердин абалы көйгөйлүү бойдон калууда.

Статистикага ылайык, өлкөнүн калкынын 21 пайызы гана борбордук суу агып кетүүчү системасына кошулган. Бишкек шаарында бул көрсөткүч 78%, аймактарда 10% дан ашпайт.
Айрым шаарларда агып чыгуучу система бар, бирок алардын пайдалануу мөөнөтүнүн эскилигинен же каржынын жоктугунан капиталдык оңдоону же жаңылоону талап кылууда.

Алыскы шаар, район борборлорунда инфраструктуранын бузулушунан улам агып чыгып кетүүчү суу системасы 1,5-2%га төмөндөөдө. Айыл жеринде мектептер менен медициналык борборлорунда гана аталган система иштеп 3% көрсөткүчтө гана.
Калктын таза сууга болгон муктаждыгын канааттандыруу максатында Азия өнүктүрүү банкы жана Бүткүл дүйнөлүк банкы тарабынан бөлүнгөн каражаттарга 2001-жылдан 2012-жылга чейин республиканын аймагында 1,2 млн калкы бар 545 айылда суу түтүктөрү курулган.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу