Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/12 19:18
 

Кыргызстан үчүн «жол картасынын» үстүнөн иштөө дээрлик бүтүп калды, Бишкек тарабынан коюлган айрым гана маселелерди чечүү калды – В. Путин

Москва, 24-декабрь /Ширин Төрөгелдиева - Кабар/. Кыргызстан үчүн Бажы союзуна кирүүдөгү «жол картасынын» үстүнөн иштөө дээрлик бүтүп калды, Бишкек тарабынан коюлган айрым гана маселелерди чечүү калды. Бул тууралуу бүгүн Москвада Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Россиянын Президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтуусунда, Армения жана Кыргызстан Бажы союзуна жигердүү жакындоодо. «Армения прогрессивдүү багытта алыска кадам таштады. Бүгүн биз «жол картасына» кол коё алабыз. Кыргызстан да ББга кошулууга даяр. Бишкек тарабынан коюлган айрым гана маселелерди чечүү калды. Кыргыз достор менен биргеликте бизге өз ара ыңгайлуу чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенем», - деди Россиянын Президенти.

Ал масштабдуу интеграциялык долбоордун келечеги көпчүлүк учурда өнөктөштөрдүн кызматташтыктын бардык багыттарында биргелешип аракеттенүүсүнө көз каранды экендигин билдирди. «Россия албетте, мындай биргелешкен ишке даяр», - деди В.Путин.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу