Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/12 12:00
 

“Улуттар Биримдиги” жана “Өнүгүү” партиялары биригишти

“Улуттар Биримдиги” жана “Өнүгүү” партиялары биригишти

Бишкек, 7-декабрь /Кабар/. 7-декабрда Ош шаардык кеңешинин имаратындагы чоң жыйындар залында “Улуттар Биримдиги” жана “Өнүгүү” партияларынын биригүүсү тууралуу келишимге кол коюлду. Келишимге аталган партиялардын лидерлери Мелисбек Мырзакматов жана Бакыт Төрөбаев кол коюшту. Бул тууралуу аталган партиялардын өкүлдөрү билдирди.
Учурдагы өлкөдөгү саясый абалдын оордугуна байланыштуу, Кыргызстанды биргеликте өнүктүрүүгө эки партия күчтөрүн бириктирди. Ошондой эле келишим түзүүдөгү катышуучулар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештеги боло турган парламенттик шайлоолордо бирдиктүү партия болуп катышуусун маалымдады.
Эки партиянын биригүүсү - бул элдин талабы экендигин Мелисбек Мырзакматов белгилеп кетти. “Кыргызстанда партиялар аябай көп, аларды санасаң сан жеткис. Ошондуктан биз бардык партияларды өлкөнүн келечеги үчүн биригүүсүнө чакырабыз. Бөлүнүп-жарылып отуруп биз эч нерсеге жетише албайбыз”, - деди Мелисбек Мырзакматов.
“Аталган келишим Кыргызстандын аймагында жашаган бардык улуттардын биримдигин бекемдейт. Биз менен биригүүнү каалаган бардык партияларды кубаныч менен кабыл алып, биргеликте иш алып барууга даярбыз”, - деди Бакыт Төрөбаев.
Мындан ары партиянын сөезди өткөрүлүп, ал жерде бириккен партиянын аталышы аныкталып, лидери шайланмакчы.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу