Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/12 11:39
 

Президент А. Атамбаев Түштүк Африка Республикасынын Президенти Джейкоб Зумага Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу жолдоду

Бишкек, 7-декабрь /Кабар/.  6-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түштүк Африка Республикасынын Президенти Джейкоб Зумага демократия жана эркиндик идеалдары үчүн күрөшкөн, ысымы ааламга таанымал Түштүк Африка Республикасынын мурдагы Президенти Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу жолдоду. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Көңүл айтуунун тексти:

“Улуу урматтуу,

Демократия жана эркиндик идеалдары үчүн күрөшкөн ысымы ааламга таанымал, Түштүк Африка Республикасынын мурдагы Президенти Нельсон Манделанын дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
“Улут атасы” катары өз элинин эркиндиги жана өлкөдө тынчтыкты кайра калыбына келтирүү үчүн Нельсон Мандела узак жана татаал жолду басып өттү.
Нельсон Манделанын жаркын элеси биздин жана келечек муундун эсинде түбөлүккө сакталат.
Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Түштүк Африканын бардык элине терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Терең кайгыруу менен,

Алмазбек Атамбаев”.

 

 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу