Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 16:06
 

Ж. Сатыбалдиев Тажикстандын жаңы Премьер-министри К. Расулзода менен жолукту

Бишкек, 30-ноябрь /Кабар/. 29-ноябрда Ташкент шаарында КР Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Тажикстандын жаңы Премьер-министри Кохир Расулзода менен жолукту.
«Кыргызстан биздин өлкөлөрдүн ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө чоң маани берет. Сиздин жаңы мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүңүз өз ара ыңгайлуу кызматташтыкты жандандырууга шарт түзөт деп ишенем», - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Ал тажик кесиптешине кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин жандандырууну сунуштады.
Өз кезегинде Тажикстандын Премьер-министри куттуктоо үчүн ыраазычылык сөзүн айтып, тажик тарап эки тараптуу кызматташтыкты иш жүзүнө ашыруу үчүн мындан ары да баардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле суу-энергетикалык маселелер, чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салуу, Тажикстандын Согди облусу менен Кыргызстандын Баткен облусунун ортосундагы кызматташтыкты жандандыруу боюнча пикир алышышты.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу