Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 11:15
 

Ташкентте ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлери бир катар документтерге кол коюшту

Бишкек, 30-ноябрь /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө документке кол коюшту. Булл тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалымат менен камсыздандыруу бөлүмү билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 29-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн ШКУ жыйынынын жыйынтыгында мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлери бир катар документтерге кол коюшту.

- ШКУга мүчө-мамлекттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө ШКУнун катчылыгынын отчету жөнүндө;

- 2012-жылга карата ШКУ бюджетин аткаруу боюнча ШКУнун каржы отчету жөнүндө;

- 2014-жылга карата ШКУ бюджети жөнүндө;

- 2013-жылга карата ШКУ катчылыгынын чыгым сметасын кайрадан бөлүштүрүү жөнүндө;

- ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүүнүн, иштетүүнүн жана башкаруунун негизи принциптерин бекитүү жөнүндө;

- ШКУнун Өнүктүрүү фондун (Атайын эсепти) түзүүнүн, иштетүүнүн жана башкаруунун негизги принциптерин бекитүү жөнүндө;

- ШКУга мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосундагы корголгон маалымат-телекоммуникациялык сиетемны түзүүгө каражат бөлүү жөнүндө;

- ШКУнун каражат эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

Мындан тышкары, эл аралык автомобилдик жүк ташуулар үчүн жакшы шарттарды түзүү жөнүндө ШКУ мүчө-мамлекеттеринин өкмөттөрү ортосундагы Макулдашууга жана инфекциялык оорулар боюнча эпидемиологиялык абалдар жөнүндө маалымат берүү Программасына кол коюлду.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин кийинки жыйыны 2014-жылы Астанада өтөт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу