Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/11 09:59
 

Президент Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонду Тажикстандын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады

Бишкек, 9-ноябрь /Кабар/.  2013-жылдын 8-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонду Тажикстан Республикасынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.
Куттуктоонун тексти:
“Урматтуу Эмомали Рахмон,
Сиздин Тажикстан Республикасынын Президенти кызматына кайра шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз.
Шайлоолордо ишенимдүү жеңишиңиз тажик элинин Сизге карата жогорку ишениминин ачык көрүнүшү жана Тажикстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө Сиздин сиңирген эмгегиңиздин акыбети болуп саналат.
Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы салттуу достук мамилелердин жыл өткөн сайын маңызы байып, динамикасы өстү. Бир тууган элдерибиздин кызыкчылыгына толук жооп берген биздин макулдашууларды ишке ашыруу боюнча жигердүү биргелешкен ишти улантууга кызыкдар экендигимди ырастап кетким келет.
Чын жүрөктөн Сизге жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө мындан ары дагы ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди, ал эми достук тажик элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм.
Урматтоо менен,
Алмазбек Атамбаев”.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу