Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
14/10 12:05
 

КР РФ элчилиги Россиянын ТИМ кабыл алуу Үйүндө Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына карата бир катар кабыл алууларды өткөрдү

КР РФ элчилиги Россиянын ТИМ кабыл алуу Үйүндө Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына карата бир катар кабыл алууларды өткөрдү

Бишкек, 14-октябрь /Кабар/. Кыргызстандын РФоссиядагы элчилиги РФнын ТИМ кабыл алуу Үйүндө Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгына карата бир катар кабыл алууларды өткөрдү. Иш-чарага Россиянын мамлекеттик тутумдарынын, Москвадагы дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, РФнын Мамлекеттик Думасынын депутаттары, ошондой эле коомдук ишмерлер жана ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
Куттуктоо сөз менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов, Тышкы иштер министринин орун басары, Россия ТИМнин Статс-катчысы Георгий Карасин жана Федералдык бажы кызматынын төрагасы, кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Андрей Бельяниновдор сүйлөштү.
Майрамдын коноктору ошондой эле Советтер Союзунун Баатыры Валентина Терешкова, «Город 312» тобунун ырчысы Светлана Назаренко, актриса Ольга Машная, Россиянын Эл сүрөтчүсү Георгий Франгулян жана башкалар болушту.
Салтанатты ачып жатып, элчи Болот Жунусов биздин өлкөнүн Россия менен мамиленин жаңы этабына көбүрөөк кызыккан тарапкери Кыргызстандын эли болуп саналарын белгиледи. Бул умтулууларды иш жүзүнө ашыруу үчүн акыркы жылы энергетика, аскердик-саясый чөйрөлөрдө маанилүү эки тараптуу макулдашуулар түзүлүп, ишке ашырыла баштап, маданий-гуманитардык диалог байкаларлык түрдө активдешүүдө.
«Өткөн жылы Бишкек эки ири саммиттердин борбору болду жана ШКУ жана ЖККУ алкактарында кызматташтык долбоорлоруна чоң үмүт артабыз, - деди элчи. - Бул уюмдардагы өнөктөштүк борборазия аймагындагы коопсузудк жана ишеним атмосферасын сактоонун маанилүү элементи болуп саналат. Алдыда – Кыргызстандын Бажы союзуна кошулуусу боюнча талыкпаган эмгек турат.
Элчи ошондой эле быйылкы жылы Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленерин эске салды. Бул датага байланыштуу чакырылгандарга «Айтматов жана анын жери» аттуу фотокөргөзмө сунушталды. Ошондой эле Б. Жунусовдун айтуусунда, быйыл Москвада жана Россиянын бир нече шаарларында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.
Өз кезегинде Григорий Карасин азыркы тарыхый этапта жаңы Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү калыптанып, Россия дайыма дос, союздаш катары өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүндө, реформаларды ишке ашырууда жана коопсуздугун камсыздоодо көмөк көрсөтүп келаткандыгын белгиледи. Мында чоң ролду өткөн жылы РФнын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган иш сапары, анын президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуусу аткарып, тарыхый мааниге ээ болду. «Бүгүн биздин ведомстволор бул макулдашууларды иш жүзүнө ашыруунун үстүндө аракеттенүүдө жана анда алга карай маанилүү кадам жасаларына ишендирип кете алам»,- деди ал.
Андан соң сөз алган Андрей Бельянинов мындай деди: «Мен бүгүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум, ал баардыгыңыздарга бул жолугушууга байланыштуу чоң салам айтты. Биздин эки президенттерибиз бири-бирине карата чыныгы мырзалык достук мамилеге ээ, ал бизге келечектеги эки жана көп форматтуу кызматташтыкта оптимизм менен кароого шарт түзөт. Мен Кыргызстан Бажы союзуна кошулуу боюнча тандап алган жол тикенексиз розалар менен толуп турушун каалар элем».
Ошондой эле иш-чаранын учурунда КР элчилигине Курск салгылашуусуна катышкан, учурда Кыргызстанда жашап жаткан жоокерлерге 40 «Курск салгылашуусуна 70 жыл» аттуу эстелик белектер тапшырылды.

 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу