Cаясат

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
31/08 10:52
 

Владимир Путин Алмазбек Атамбаевди, ошондой эле Кыргызстандын калкын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 Бишкек, 31-август /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин КР Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын калкын Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, куттуктоодо мындай деп айтылган:
«Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
Сизди чын ниетим менен Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Мамлекеттик эгемендүүлүк күнү менен куттуктаймын.
Терең тарыхый тамыры бар биздин өлкөлөрүбүздүн мамилеси стратегиялык өнөктөштүк жана союздук деңгээлге чыкты. Саясый диалог кеңейип, ар кайсы тармактардагы өз ара ыңгайлуу кызматташтык жанданып, биргелешкен масштабдуу долбоорлор ишке ашырылууда.
Достук россия-кыргыз байланыштарынынын баардык комплекстерин мындан ары да жандандыруу биздин бир тууган элдерибиздин түпкү кызыкчылыгына жооп берет, Борбор Азиядагы коопсуздук жана бейпилдик нугунда баратат деп ишенем.
Сизге чың ден соолук, бакыт жана ийгиликтерди, ал эми Республиканын баардык жарандарына – бейпилдик жана өсүп-өнүгүү каалаймын».
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу