Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/05 09:06
 

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев А.Масалиевдин эстелигине гүлчамбар койду

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев А.Масалиевдин эстелигине гүлчамбар койду

Ош, 18-май /Асанбек Каракозуев - Кабар/. 18-майда КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна бир күндүк жумушчу иш сапары менен келди. Анын алкагында алгач Ош шаарындагы А.Масалиевдин эстелигине гүлчамбарларды койду.

“Биз азыркы муун, Абсамат Масалиевичтин басып өткөн жолунан өрнөк алышыбыз керек. Кезинде ал ак эмгеги, кылган иши менен коомдо таза адам катары белгилүү болгон. Биз аны түбөлүккө эстеп жүрөбүз”,-деди Ж.Сатыбалдиев.

Иш-чарага А.Масалиевдин уулу Исках Масалиев, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелисбек Мырзакматовдор жана шаардык, облустук ишкана, мекемелеринин жетекчилери, ЖОЖдордун окутуучулары жана шаардыктар катышты.

Белгилей кетсек, 18-майда Ош шаарындагы Ош улуттук драм театрында А.Масалиевге арналган атайын концерт дагы тартууланды.

 

 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу