Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/04 17:43
 

Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары мындан аркы көп жактуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

 

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Астанага расмий иш сапарынын алкагында Казакстандын ТИМ башчысы Ерлан Идрисов менен сүйлөшүүсү жүрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташуусунун олуттуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык көйгөйлөр маселелери каралды.

Өзгөчө көңүл мындан аркы көп тараптуу өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы союздук мамилелерди, стратегиялык өнөктөштүктөрдү тереңдетүү маселесине бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюлду.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу