Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
12/04 15:43
 

Ишенбай Абдразаков: “Кыргызстан тышкы саясатты туура кура албаса, туруктуу өнүгүүгө жетишпейт”

 

Бишкек, 12-апрель /Чолпон Сулайманова - Кабар/. Кыргызстан тышкы саясатты туура кура албаса, туруктуу өнүгүүгө жетишпейт. Мындай пикирин “Кабар” агенттигинин кабарчысына КР ТИМдин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Ишенбай Абдразаков билдирди.

Анын айтымында, бул дүйнөдө жыл санап интеграциялык процесстер күч алып жатканына байланыштуу. “Биздин милдет ушул дүйнөдө өз ордубузду таап, бир тараптуулуктан оолак мамилелерди түзүү болуп саналат. Биз “баардыгы менен достукта жашоо” принцибин карманып, алды менен улуттук кызыкчылыктарыбыз аркылуу жашашыбыз керек”, - деди И.Абдразаков.

Ал тышкы саясат ички жагдайга таасир берүүсү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан өнүгүү үчүн өзүнүн ресурстарын үнөмдүү жана акыл менен пайдалануусу керек. “Биздин өзүбүздүн ресурстарыбыз жетиштүү. Алардын башкысы - адамдар”, - деп кошумчалады Байкоочу кеңештин төрагасы.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу