Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
23/02 16:33
 

АКШ Мамлекеттик катчысы Кыргызстанды «Кырзахстан» деп атады

АКШ Мамлекеттик катчысы Кыргызстанды «Кырзахстан» деп атады

Lenta.ru, 23-февраль. АКШнын жаңы Мамлекеттик катчысы Джон Керри сөзүнөн жаңылып, Кыргызстанды «Кырзахстан» деп атады. Бул тууралуу Global Post билдирди.
Басылма Керри сөзүнөн жаңылган үзүндүнү келтирген. «Америкалык эр жүрөк кызматкерлер планетанын өтө опурталдуу жерлеринде иштешүүдө. Алар Нигериядагы коррупция менен күрөшүүдө. Алар Бирмадагы мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууда. Алар Кырзахстан менен Грузиядагы демократиялык кайра курууларды колдошууда, биздин тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөнүн демократия жолуна түшүүсүнө көп убакыт талап кылынат», – деген Мамлекеттик катчы.
Мындай сөздөн жаңылуу Керринин Мамлекеттик катчы кызматында биринчи ирет расмий жыйында сүйлөгөн сөзүндө айтылган. Ал Виржиния штатынын университетинде АКШнын тышкы саясатына байланыштуу сөз сүйлөгөн. Америкалык элчиликтердин пресс-кызматынын жарыяланган протоколуна ылайык, сөз Кыргызстан тууралуу болгон. АКШнын расмий өкүлдөрү бул жагдайга эч кандай түшүндүрмө беришкен эмес.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу