30.11.2011, 11:11

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын Жогорку Кеңештин атайын жыйынында жасаган Кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын Жогорку Кеңештин атайын жыйынында жасаган Кайрылуусу

Урматтуу Төрага! Урматтуу депутаттар!
Кымбаттуу мекендештер!
Бишкек,30-ноябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти катары менин ишмердигим аяктады. Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгүнүн добуш берүүдөгү эркин жетекчиликке алуу менен өз туюмума жана ыктыярыма ылайык бийликти жаңы шайланган Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевге өткөрүп берип жатам.
Урматтуу депутаттар!
Ушул бийик трибунадан Сиздерге, ошону менен бирге өлкөбүздөгү бардык саясий ишмерлерге, партияларга жана интеллектуалдык элитага кайрылгым келет, Мекен үчүн жеке жоопкерчиликти сезген ар бир жаранга кайрыламын.
Эгемендик жылдарында биринчи жолу Конституциянын чегинде ыктыярдуу, тынчтык жол менен, демократиялык шайлоо аркылуу бийликти өткөрүп берүү наркын жасоодобуз. Ошентип биздин эл улуттук лидерди тандоо укугун гана эмес, өлкөнүн өнүгүү багытын аныктоо укугун да өзүнө кайтарып алды.
2010-жылдагы Элдик революция жана Референдум мага тапшырган миссиянын өтөөсүнө чыктым. Орчундуу, бирок Конституция аркылуу чектелген мөөнөткө ишеним алган Парламент жана Президент бийликтин мезгил-мезгили менен алмашуу тартибин кыйшаюусуз сактоого милдеттүү. Өнүккөн өлкөлөрдө эчактан бери калыптанып келген бул принципти колго алууга тийишпиз. Биздин учурдагы тажрыйбабыз туруктуу эрежеге айланышы максатка ылайык. Ушундай жоопкерчилик элдин алдында гана эмес, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун алдында да биздин мойнубузда. Баштаган ишибиздин масштабын жана маанисин терең түшүнүүгө милдеттүүбүз.

Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө, анын ички абалынын туруктуулугуна карай жол - өз ара сүйлөшүү, макулдашуу, ар кандай кызыкчылыктарды эске алуу жолу экендиги бүгүн бардык саясий күчтөргө айкын болду. Өлкөнү башкаруунун парламенттик маданияты бул жолдун натыйжалуу механизми болуп эсептелет. Башка жолдорду, тактап айтканда авторитардык- кландык башкаруу жолдорун биз башыбыздан өткөрдүк, аларды кайта кайталоонун зарылчылыгы жок. Өлкөнү коллективдүү башкаруу боюнча элдик салттарды кайра жаратып, ынтымак жана коомдук келишим аркылуу ырааттуу жана кыйшаюусуз алга баруу зарыл. Ошондо гана бийлик мурда жоготкон элдин ишенимине кайрадан ээ болот. Ансыз саясий, социалдык жана экономикалык реформалар биз күткөн натыйжаны бербейт.
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын соңку жаңы тарыхынын 20 жылы биздин тандоо эркибизди уурдоонун, аны акырындык менен басып алуунун тарыхы болуп калды. Мамлекеттик башкарууга таасир бере турган легитимдүү инструменттерди элден тартып алып, аны укук талаасынан сүрүп чыгарып, бардык бийликти бир колго топтоо менен биринчи президент дагы, экинчи президент дагы адамдарды өз укуктары үчүн күрөштүн жападан жалгыз, конституциялык эмес жолу – бийликти күч менен тартып алууга мажбур кылды.
Биринчи революция сабак болгон жок, биз мурдагыдан да катаал авторитардык режимге туш болдук. Бардык ресурстарды ээлеп алуу, саясий киши өлтүрүү, акырында келип бийликти атадан-балага мураска калтыруу принцибин орнотуу аракеттери элдин чыдамын чыңап, акыры барып жарылууга алып келди.
Ооба, биздин жүзгө жакын мекендештерибиздин каны менен акыйкаттык орноду. Бирок революциялардын күңгөйү да, тескейи да бар. Анткени мындай жагдай эрежеге айланып, бийликти күч менен алмаштыруудан башка жолду билбеген муун өсүп келе жатат.
Мамлекеттин иммунитети азыр начар. Инсандарды бийликтен кулатуу жылма эле өтпөйт, аны менен кошо бийлик институттарынын туруктуулугуна жана легитимдүү болушуна доо кетет. Бул президенттик институтка гана эмес, жалпы мамлекеттик системага тиешелүү. Ички саясий процесстерге тышкы күчтөрдүн таасиринин күчөшү да ушул жагдайга -дүйнөлүк жана регионалдык шериктештердин Кыргызстандын мамлекет катары жашап кетишинен күнөм санашына байланыштуу болгон.
Биз укуктук жактан өзүбүздү өзүбүз тескей ала турганыбызды жана бийликти цивилизациялуу алмаштырууга жөндөмдүү экенибизди дүйнө жүзүнө, ошондой эле өзүбүзгө дагы далилдешибиз керек болчу. Антпесек биз өлкөнү жоготуп алган болот элек. Эсеп күн эмес, мүнөттөр менен саналып жаткан. Июнь окуялары мезгилинде кайгы менен коркунучка, мамлекеттик башкаруунун алсыздыгына, саясий оппоненттердин катаал каршылыгына жана скептиктердин чыккынчыдай болгон кайдыгерлигине карабастан биз Референдум жарыяладык. Ошондо эл өзгөрүүлөрдү жана реформаларды колдоду, өз добушун берди.
Реформалар жаңы эрежелерди бекитүүдөн башталат. Кыргызстан эли парламенттик башкарууга, мамлекеттик башкаруунун өзүнө тааныш эмес, мурда сынактан өтпөгөн түрүнө ишеним көрсөттү, ушул формат бизге ылайыктуу деп тапты. Анткени, ал саясий процесстердин катышуучуларынын бирине дагы башкаларга үстөмдүк кылууга мүмкүндүк бербейт. Парламенттик системага кескин өтүү туура болду. Антпесек деспотиянын тереңдеп кеткен тамырын жулуп салуу мүмкүн эмес эле. Тарыхый калпыс тажрыйбага, саясатчылардын мурда калыптанган авторитардык ойлонуусуна, тыш жактан болгон кысымга каршы прецедент түзүү керек болучу.
Референдумдун жыйынтыгы Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагын ачты, парламенттик жана президенттик шайлоолордун мөөнөтүн принципиалдуу жаңы шарттарда аныктады. Коом мага бул процесстердин медиатору жана уюштуруучусу, өткөөл мезгилдин өзүнчө бир кризис-менеджери катары ишеним көрсөттү. Мен муну түшүндүм жана толук бийлик катары эмес, эл алдында жана тарых алдында толук саясий жана моралдык жоопкерчилик катары кабыл алдым.
Урматтуу мекендештер!
Биз саясий күрөштүн, жарандык жоопкерчиликтин, моралдык тазалыктын жана өз элине ак кызмат кылуунун олуттуу мектебин өттүк. Эл кызыкчылыгын жеке кызыкчылыктан, кландардын жана топтордун кызыкчылыктарынан жогору коюу бүгүн бийликтин бардык бутактары үчүн эң бийик парз болууга тийиш. Так ушундай императивди сезүү биздин тарыхыбыздагы баатыр каармандарга, улуттун атасы, энеси болгон улуу инсандарга мүнөздүү. Алар эл үчүн, анын бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн дагы аяшкан эмес. Биз ушуну эстен чыгарбоого тийишпиз.
Элитанын кескин түрдө алмашуусу жөнүндө айта турган болсок биз былтыр люстрация идеясынан баш тарттык. Бул үчүн бизге революциянын идеяларын, анын каармандарын жана курмандыктарын сатып кетти деген да күнөө коюлду. Эмне үчүн биз люстрация идеясынан баш тарттык? Анткени биз жаңы төңкөрүштөрдүн себепкери болгубуз келбеди. Ачыгын айтуу керек, элитанын орчундуу бөлүгү эки авторитардык режимге тең аралашып иштешкен эле. Алар бул үчүн моралдык да, керек болсо бир тобу кылмыш жаза жоопкерчилигин да тартышы керек. Бирок, саясий атаандашуунун легитимдүү талаасынан сүрүп чыгаруу менен биз аларды көмүскө күрөшкө мажбур кылмак элек. Азыр отурушмак да бычактарын кайрап. 2010-жылы болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын, ошондой эле жакында болгон президенттик шайлоонун жыйынтыгын эл аныктады. Элдин тандоосуна ылайык азыркы парламентте саясий кызыкчылыктардын, саясий күчтөрдүн өкүлчүлүгү түзүлдү.
Бүгүн парламентте түрдүү күчтөрдүн болушу жана алардын ортосундагы карама-каршылыктар өлкөдөгү саясий ар түрдүүлүктү туура жана дээрлик толук чагылдырып турат. Бул кандай гана принципиалдуу коомдук-саясий тирешүү болбосун аны парламенттин алкагында чечүүгө мүмкүндүк берет. Азырынча парламенттин ишмердиги коомдо бир топ сын пикирлерди жаратууда. Элде “биз бир ажыдаарды жеңдик, бирок көптөгөн кичине ажыдаарларга туш болдук” деген сөз бар. Ачыгын айтсак, парламенттик башкаруунун президенттик башкаруудан айырмасын - мурда “ашка” бир киши ээлик кылса, азыр барыбыз бөлүп жейбиз деп түшүнгөндөр да жок эмес. Элитанын коллегиалдуу башкарууга жана жоопкерчиликти алууга даяр эместиги эки себеп менен түшүндүрүлөт: Биринчиден, элитабыз өзгөргөн жок, анын ичинен куулуп кеткен эки президент чыккан. Бул элитанын да 20 жыл ичинде болгон иштерге жоопкерчилиги бар; Экинчиден, биз бийликтин жаңы формуласын эми араң өздөштүрүп жатабыз. Аны биз ойлоп чыгарган жокпуз, ал сыналган, ага ылайык көптөгөн демократиялык мамлекеттер жашап жатышат. Бирок өзүбүздүн улуттук тажрыйба, жоопкерчилик жана жаңы саясий маданият дароо эле пайда боло койбойт. Аларды парламенттик башкаруунун реалдуу практикасы аркылуу өзүбүз жаратуубуз зарыл.
Атаандаш өткөн президенттик шайлоо элдин тандоо укугун ишке ашырууга шарт түздү. Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнүн бирден бир шарты - жеңилген талапкерлер жана алардын жактоочулары шайлоонун жыйынтыгын таанып макул болгону, же болбосо аны укуктук алкакта гана талашуусу болот. Мындай шарт бардык саясий күчтөр жалпы фундаменталдуу баалуулуктарды тааный турганын билдирет. Президент кызматына талапкерлердин бардыгына саясий жоопкерчиликти жана жетиктикти көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Мен Кыргызстан элине зор ыраазычылык айтат элем. Анткени, түндүк-түштүккө, аймак-аймакка бөлүнүп, улуттар арасындагы карама-каршылыктарды жеңе алышпайт деген жоромолдорду жокко чыгарып, 30-октябрь күнү бүт дүйнөгө биз бир эл, бир өлкө экенибизди таасын көрсөтө алдык.
Шайлоо атаандаштыгында жеңип чыккан инсан коомдун бардык катмарынын каалоосун чагылдырбайт, бирок көпчүлүктүн тандоосу менен аныкталат. Мындан калыс болгон шайлоо системасын эч ким ойлоп таба элек. Бирок дүйнөдө бийлик бутактарынын тең салмак системасы, өз ара кармануу жана токтотуу механизмдери иштелип чыккан. Ыйгарым укуктары бир кыйла кыскарган Президент менен тең салмактуу болууга парламент дагы, коалициялык өкмөт дагы, жакын арада реформа боло турган сот бийлиги дагы аракеттенет. Алардын атаандаштыгы жана өз ара келишүүгө жөндөмдүүлүгү жалпы коомдун, анын ичинде көпчүлүк менен азчылыктын кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга тийиш.
Президенттик кызматка талапкерлердин жарымынан көбү ушул шайлоодогу өздөрүнүн программалык билдирүүлөрүндө Конституцияга оңдоолор киргизүү, атүгүл аны толук өзгөртүп президенттин ыйгарым укуктарын көбөйтүү ойлорун айтышкан. Негизинен эки аргумент айтылууда: биринчиден, «бийликтин вертикалы гана мамлекетти күч-кубаттуу кылууга жөндөмдүү» дешет. Бул тезисте логика бар, бирок Кыргызстандын жана башка көп өлкөлөрдүн тажрыйбасы бийликтин катаал вертикалы көп учурда авторитардуу режимге айланып жана бир адамдын, же бир нече адамдын кызыкчылыгына кызмат кылып калаарын көп ирээт далилдеген. Парламенттик башкаруу идеалдуу эмес, бирок анын президенттик бийликтен бир артыкчылыгы бар - ал бийликтин бир колго топтолбой тургандыгына кепилдик берет.
Экинчи тезис: «президенттердин терс ролу президенттик башкаруудан баш тартканга алып келбеш керек» дешет. Муну адилет, кайрымдуу падыша жөнүндө жомок десек болот. Биз иш жүзүндө жеке бийлик эртели кечпи «өтө ыймандуу жана билимдүү инсанды» дагы туура жолдон чыгара турганын көрбөдүкпү. Бул боюнча XX кылымдын белгилүү философу жана экономисти Фридрих Август фон Хайектин «эгерде биз бийликти чектөөгө даяр боло албасак, анда бийликти кыянаттык менен пайдаланууну токтото албайбыз» деп айткан сөздөрү эстен кетпейт.
Эл оозунан эмдигиче түшпөй келген 93-жылкы Конституция бийлик бутактарынын теңдештигин, күчтүү президент - күчтүү парламент дегенди камтыган. Ал эмне үчүн иштебей калды? Биринчи эле чуулгандуу иш – Швейцарияга алтын ташып чыгаруу чатагы 1994-жылы парламенттин өзүн өзү таркатышы менен бүттү. Чынын айтсак, президенттин түрткүсү менен эле Конституцияда көрсөтүлгөн көзөмөл функциясын аткарууга кылган парламенттин аракеттери үчүн таркаган. Андан соң президент эки палаталуу парламент түзүү жөнүндө референдум өткөрдү. Анын максаты парламентти экиге бөлүү аркылуу анын ыйгарым укуктарын жасалма жол менен азайтуу болгон. Ошентип президенттин ыйгарым укуктары жалпысынан парламенттин ыйгарым укуктарынан көбүрөөк болуп, президенттик ишмердиктин чексиз кеңейишине жол ачылган. Ошол эле референдум аркылуу президентке импичмент жарыялоо процедурасы мурдагыдан татаалдаштырылган. Кийинчерээк ошондой эле референдум аркылуу президент парламенттен аткаруу бийлигин – министрлер кабинетин түзүү боюнча ыйгарым укуктарын тартып алды. Жогорку Кеңешке бир гана премьер-министрди дайындоого макулдук берүү ыйгарым укугун калтырды.
2005-жылдагы революциядан кийин жаңы шайланган президент Конституциялык кеңештин төрагасынын ыйгарым укугуна ээ болгон соң жарандык коомдун жана парламенттин ишенимине кыянаттык кылып, акырында бардык реформатордук демилгелерди басууга жетишти. 2006-2007-жылдардагы саясий тирешүүлөрдүн натыйжасында оппозиция талкаланып, референдум аркылуу президенттин кеңири ыйгарым укуктарын бекиткен Конституция кабыл алынды. Үй-бүлөлүк диктатуранын акыркы кыймылы президенттик бийликти шайлоо аркылуу эмес, мураска калтыруу үчүн уюштурулган Президенттик Кеңешмени ишке киргизүү болду.
Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн бардыгы болуп 5 референдум өттү, Конституция 8 жолу ревизия болду. Мунун баары президентке референдум дайындаганга Конституциялык укук берилгенине байланыштуу болду. Референдум жалпы элдик мааниге ээ чечимдерди кабыл алуудагы акыркы, өзгөчө механизм катары ойлонуп табылган. Бирок ал маани бурмаланып, такыр тескери жагына айланган, эл ишеними кыянаттык менен пайдаланылып жеке адамдын кызыкчылыгын көздөгөн чечимдер кабыл алынган. Азыркы Конституцияда биз мындай мүмкүнчүлүктү жокко чыгардык.
«2010-жылдагы референдумчу? » деген калыс суроо пайда болот. Ал «өзгөчө учур» деген түшүнүккө дал келеби? Албетте дал келет. Апрель Элдик революциясынын натыйжасында абийири төгүлгөн бардык бийлик бутактары кулатылды. Бул шарттарда жалпы элдик референдум гана мамлекеттик бийликтин ишке жарактуу легитимдүү институту болуп калды. Кимдир бирөө бул өзгөчө механизмди кыймылга келтириши керек эле. Бириккен Элдик кыймылга бириккен оппозицияны өлкөнүн тагдыры үчүн саясий жоопкерчиликти өзүнө алды, өткөн замандын оор жүгүн көтөрүү менен бул процесстин уюштуруучусу болду. Оппозиция лидерлери жетектеген Убактылуу Өкмөт укук талаасынан тышкары чыгууга, декреттердин негизинде иштөөгө мажбур болду. Ачыгын айтсак ошол мезгилде Бириккен Элдик кыймыл криминалдык режимге каршы туруп, элди бириктире ала турган, реваншисттерге каршы сокку урууга жараган бирден бир уюшкан күч эле. «Акжолдун» парламенти жана мурдагы бийликтин айтканын кылып турган Конституциялык сот таркатылды. Анткени аларды үй-бүлө режиминин жактоочулары бийликти кайтарып алуунун механизмдери катары пайдалангысы келишкен, бул чындык.
Бийликти тезирээк легитимдештирүү зарылчылыгын түшүнүү менен биз өзүбүздүн мандатты – Убактылуу Өкмөт жана өткөөл мезгилдин Президенти деп так аныктадык, бийликти укуктук алкакка кайра алып келүү мөөнөтүн ачык айттык.
Конституциянын жаңы редакциясында бийликти өткөрүп берүүнүн механизми бар. Аны менен бирге 2010-жылдын 27-июнунда «Кыргыз Республикасынын Конституциясын ишке киргизүү жөнүндө» Мыйзам кабыл алынган. Ошону менен убактылуу президент болуунун жана бийликти жаңы Конституция боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Президентине өткөрүп берүүнүн шарттары алдын ала каралган эле. Биз бийликти легитимдүү кылыш үчүн өткөөл мезгилдин зарылдыгын, ошондой эле бул мезгил үчүн, өлкөнү кайра өзгөртүүнүн ийгилиги үчүн толук саясий жоопкерчиликтин боло турганын билгенбиз. Биринчи жолу референдум бийликти узурпациялоо үчүн эмес, ачык жана таза парламенттик жана президенттик шайлоолорду камсыз кылуу үчүн колдонулду. Анын натыйжасында түрдүү саясий күчтөр мамлекетти коллективдүү башкарууга элден мандат алышты.
Татаал кырдаалда өлкөнүн бардык саясий күчтөрүнө бирдей шарт түзүп, демократиялык парламенттик шайлоону өткөрө алдык. Кыргызстандын тарыхында, жалпы эле Борбордук Азия аймагында биринчи жолу бийликке келген саясатчылар андан өз ыктыяры менен баш тартышты. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү башка саясий партиялардын лидерлери менен бирдей шартта шайлоого барышты. Ушундай кадам менен алар шайлоо процессинин таза жана калыс болушун камсыз кылышып, жаңы саясий маданияттын пайдубалын түптөштү.
Бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү Кыргызстан эли тарабынан 2010-жылдын июнунда жалпы элдик референдумда, былтыркы Жогорку Кеңешти шайлап жатканда жана быйылкы Президентти шайлоодо үч баскыч менен эл тарабынан ишке ашырылганын баса көрсөтүү зарыл.
Ошентип өлкө этап-этабы менен жаңы укуктук талаага кирди. Бирок шайлоонун жыйынтыгы бийликти легитимдештирүү процессин аягына чыгарбайт, ал болгону иштин башталышы. Бийлик өзүнүн легитимдүү экенин күн сайын далилдеп туруш керек – ал элине жеткиликтүү болууга тийиш. Кыргызстандыктардын Ат-Башыдан тартып Баткенге чейин митингге чыгуу жагынан жигердүү болушу өлкөдөгү маанилүү маселелерди тактоого жана чечим кабыл алууга катыша албай калгандыгына байланыштуу. Кыргызстан калкы аз жана территориясынын чакан экенин эске алуу мамлекеттик аппаратты орчундуу кыскартуу зарыл. Бийликти децентрализациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууну бышыктоо, бардык деңгээлде демократиялык структураларды киргизүү жана бекемдөө аркылуу анын легитимдүүлүгүнө жана туруктуулугуна жетүүгө мүмкүн.
Так ушул себептен Коомдук байкоо кеңеши сыяктуу натыйжалуу күч болгон, тармактык ведомстволордо жана министрликтерде көмүскө жана бүдөмүк башкаруу механизмдерине бөгөт боло турган жарандык коомдун институттарынын ишин улантуу зарыл. «Коомдук байкоо кеңештери жана башка коомдук көзөмөл органдары жөнүндө» Мыйзам парламент тарабынан кабыл алынат жана коомдук байкоо кеңештери мамлекеттик башкаруунун айкын болушуна өз салымын кошот деген үмүттөмүн.
Көз каранды эмес, буйрук же тукуруу менен иштебеген коомдук түзүлүштөр гана чыныгы элдик бийликтин өкүлдөрү боло алышат. Акыркы бир жарым жылда коомдук зор күчкө айланганын далилдеп көрсөтө алышкан жарандык коом жана эркин маалымдоо каражаттары коллективдүү процессти конструктивдүү нукка салууга жөндөмдүү, алар жаңы социалдык мейкиндиктин негиздерин калыптандырып жатышат. Бул демократияны өнүктүрүүдөгү биздин орчундуу жетишкендигибиз.
Урматтуу мекендештер!
Укук талаасынан чыгып кетти деп революцияга кине коюлуп жатат. Ал укук талаасы деги биздин өлкөдө болду беле? Кесилип, жамаачыланган Конституция, номиналдуу жана бир беткей мыйзамдардын жыйнагы аз гана топтун кызыкчылыктарын тейлеп, коомдун калган бөлүгүнө карата укуктук эмес, жазалоочу функцияларды аткарып келген. Коом мыйзамдан тышкары жашап калган. Революция - бул саясий жана экономикалык монополияны бекемдеп турган калыс эмес укуктук системаны талкалоого карата күч аракети. Кырдаалды толугу менен баштапкы абалга алып келүү менен гана биз жаңы келишимге, чындап келсе биздин өлкөдө биринчи жолу ишке ашкан коомдук келишимди түзүүгө мүмкүн болду.
Бирок бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү – бул укуктук мейкиндиктеги биринчи эле кадам. Мурдагыдай номиналдуу эмес, реалдуу коомдук келишимге негизделген кадам. Биз азыр өз ара сүйлөшүүлөрдүн процессиндебиз. Ошол себептен улам инерциялык процесстер дагы эле күчтүү.
Мыйзамдар аткарылбай жатат, бирок ошол эле мезгилде көп күч кайра эле мыйзам чыгарууга жумшалууда. Эски мыйзамдардын ордуна жаңы мыйзамдарды ойлоп чыгаруу тынбай жүрүп жатат. Алар дагы, булар дагы иштебейт. Мыйзамдарга карата мындай мамилени себептерин төмөнкүчө түшүндүрөт элем:
1. Мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдар аткарылбайт. Мындай жагдай укук коргоо жана фискалдык органдардын, прокуратуранын жана жалпы сот бийлигинин коррупцияга малынганынан жана компетенциясы жетишпегендигинен болот. Мыйзам алдында баары бирдей деп биздин бардык Конституцияларда жазылган, бирок ал эч качан аткарылган эмес.
2. Натыйжада - нааразы болуу, мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде сот органдарына калктын ишениминин кетиши.

Айтылгандарга байланыштуу бүгүнкү болуп жаткан сот-укук реформасы чоң мааниге ээ. Ал болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөрдүн пайдубалын бекемдейт. Жалпы жана жеке адамдын коопсуздугу сот системасынын калыстыгына жараша болот.
Ачыгын айтсак, акыркы окуялар жана фактылар сот реформасы ордунан жылбай туруп калганын көрсөтүп турат. Реформа аракети көптөгөн карама-каршылыктарды жана көйгөйлүү маселелерди ачып көрсөттү. Ичинен чирип калган сот системасынын артында бардыгы мурдагыдай кала беришин абдан көксөгөн кишилер турат деп ачык эле айтат элем. Бирок, аларга караганда өзгөрүүлөргө даяр кишилердин саны кадыресе көптүк кылат, андыктан мен өлкөбүздө жаңы, таза сот корпусу түзүлө турганына ишенем.
Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеңеши сыяктуу маанилүү органга өзгөчө токтолуп кетүүгө туура келет. Ал сот системасын реформалоодогу негизги звено болуп саналат. Тилекке каршы азыркы мезгилде анын ишин мыйзам чегинде камсыз кылууда мүчүлүштүктөр байкалды, ошондой эле айрым саясий күчтөр сотторду эмгиче өз колунда кармап, пайдалангысы келгени айкын болду. Ошондой эле бул кеңештин кай бир мүчөлөрү да ар канда азгырыктарга туруштук бере албай калганы, алардын добуш берүү жыйынтыгы сырткы таасирдин натыйжасы экендиги айкын көрүнүп калды. Биз Сотторду тандоо боюнча кеңешинин курамын жаңылоо, Кыргыз Республикасынын бардык сотторуна талапкерлерди сынактан өткөрүү процессин улантуубуз керек. Толук кандуу сот-укук реформасын жүргүзүү үчүн көп убакыт, айрым адистердин пикири боюнча бир топ жыл талап кылынат. Өткөөл мезгилдин Президенти катары менде анча убакыт болгон жок. Бирок мен бул маселенин келечекте оң чечилишине чоң үмүт артамын.
Тилекке каршы ар түрдүү себептер менен коомдун көңүлүнүн борборунда турган бир катар сот иштери аягына чыккан жок. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча сот процесси ага катышуучулардын саны көп болгонунан, алардын коопсуздугун сактоо зарылдыгына байланыштуу узакка созулуп кеткенин моюнга алуу керек. Бирок бул процессти мыйзамдуу жана адилет аягына чыгаруу керек.
Акырында, сот-укук реформасы жеке гана сотторду реформалоону билдирбейт. Укуктук тартипти сактоо системасын дагы реформалоо зарыл, анткени соттор анын ишинин натыйжасын карашат. Андыктан укук сактоо органдарынын ишин бүгүнкү турмушка жараша, адам укугун коргоону эске алуу менен түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл.
Элдин ишенимин кайтаруу менен гана мыйзамдын аброюн калыбына келтирүү мүмкүн. Бул бир жактуу процесс эмес. Кайсы гана мыйзам болбосун ал коомдук келишим акты болуп саналат. Анын авторлору болсо биз болобуз, мамлекеттик чиновниктен баштап дыйканга чейин биригип бир коомчулукту - элди түзөбүз. Өз ара сүйлөшүп келишимге келүү зарыл. Эл менен бийликтин ортосунда сыпаа мамиле болгон салтты калыптандыруу керек. Мында ар ким өз укуктарын жана милдеттерин так аткаруусу маанилүү. Өзүбүздүн укуктук салтыбыз өзүбүздүн тарыхый тажрыйбабыз аркылуу гана калыптанат.
Бул демократиялык процесс ыкчам жана кыйналуусуз болбойт, муну туура түшүнүшүбүз керек. Күткөн нерселердин болбой калышы дагы коомдогу ишенимдин кризисине алып келет, ушундан улам жаңы түзүлүп келе жаткан системаны натыйжасыз деген тыянак да чыгышы ыктымал. Бизде ишенимди актоого жана эл күткөндөй иш жасоого убакыт абдан тар. Биз тиги же бул саясий лагерде болгонубуз менен баарыбыз биригип бир коом экенибизди, өнүгүүнүн азыркы тарыхый этабы үчүн жоопкерчиликти көтөрө турган саясий элита экенибизди түшүнүүгө мезгил жетти. Биз элдин бир бөлүгүбүз, негизги максаттарга жетүүдө бирдиктүү болууга милдеттүүбүз. Бизде саясий маданияттын эң жогорку деңгээли болбосо демократиялык система кыйроого туш келет. Саясий маданияттын ичине жогорку бийлик эшелонунун өкүлдөрүнүн жеке саясий жүрүм-туруму да сөзсүз кирүүгө тийиш.
Коомдо бийликтегилердин бардыгына ишенбөөчүлүк мамиле калыптанып калган, айрыкча президенттик кызматка келгендерге карата. Биринчиден, президент болгон киши өз жакындарын мамлекеттик кызматтарга дайындабай турганына ишенишкен жок. Экинчиден, алар президент кызматындагы адам бул кызматта өзүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөбөйт дегенге ишенбеди. Үчүнчүдөн, президент болгон киши бул кызматтан ыктыярдуу кетет жана эл шайлаган адамга бийликти өткөрүп берет дегенге ишенген эмес.
Кийинки президенттердин милдети Конституцияда белгиленген талаптарды так аткаруу жана ыйгарым укуктары бүткөн мөөнөттө элге андан кийинки президент ким болоорун тандап алуу мүмкүнчүлүгүн берүү.
Өзүнүн эки президентин кууп чыгып, алты референдумду жана Конституциянын сегиз өзгөртүүсүн, ошондой эле эки революцияны жана түштүктө этностор аралык кагылышууга түрткөн чагымчылдыкты башынан өткөргөн Кыргызстан өз алдынча башкаруунун рецепттерин иштеп чыга алды:
1. Кыргызстан эли менен эсептешпей коюуга болбойт, анткени ал реалдуу күч.
2. Эч кимдин бийликти жеке ээлеп алууга (узурпациялоого) акысы жок. Бийлик аны кыянаттык менен пайдаланууга мүмкүн болбой тургандай болуп түзүлүүгө тийиш.
3. Өлкөнүн лидерлери элге берген убадаларын так аткарышы абзел.
4. Саясатчылар коркутуу жана күч колдонуудан алыс болуусу керек, анткени ар кандай күчкө каршы турган күч дагы табылат.
Урматтуу мекендештер!
Конституция бийликтин ар бир бутагынын ыйгарым укуктарынын чегин бекитти. Жаңы саясий системанын туруктуу болушунун жана жаңы саясий маданияттын калыптанышынын принципиалдуу шарты болуп иштеп жаткан Конституцияга өзгөртүүлөрдү 2020-жылга чейин киргизүүгө болбойт деген жобону аткаруу саналат.
Бийликтин натыйжалуулугу дагы зор мааниге ээ. Анын бир дагы бутагы, бир дагы институту өзүн мамлекеттик башкаруунун башкы күчү катары карай албайт жана андай болууга тийиш эмес. Бирок азыркы мезгилде көп саясатчылардын жеке дымагы күч экендиги, ал эми бийлик бутактарынын арасында болсо чечимдерди кабыл алууда өз таасирин күчөтүү аракеттери болуп жаткандыгы байкалууда. Биз эле биринчи болуп мындай катачылык кетирип жаткан жокпуз. Бийликтин эң жакшы формасы дагы иш жүзүндө эң жаман башкарууга алып келе турганына адамзат тарыхында мисалдар көп. Мындай жагдай тандап алган жолдон тайып кетүүгө себеп боло албайт. Башкарууну туура уюштуруу зарыл. Жаңы Конституцияда Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Мамлекет башчысынын бул өзгөчө жана негизги ролу жаңыдан турмушка аша баштады. Бул миссияны ишке ашыруунун механизмдерин бирдиктүү аракет менен иштеп чыгуу керек. Бийликтин бардык бутактары өз ыйгарым укуктарынын чегинде иштөөгө милдеттүү, мунун баары мыйзамдар менен тескелип жөнгө салынууга тийиш. Конституциялык нормалардын чегинде ыйгарым укуктарды аныктап, алардын чегин тактоо зарыл. Мыйзам чыгаруу бийлиги аткаруу, же болбосо сот бийлигинин ишине кийлигишпеси зарыл, ошондой эле тескерисинче. Бийлик монополиясына далалат кылуу саясий кризиске гана алып келиши мүмкүн. Дайыма ушуну эстен чыгарбоо керек. Бири бирине тыкыс аракетте болуу, атаандаштык жана жоопкерчиликтүү шериктештик гана мамлекетти башкаруунун натыйжалуулугун арттырат. Бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын так бөлүп аныктоо аларды бири бирине карама-каршы койбойт, тескерисинче бириктирет, мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү механизмине айлантат.
Урматтуу мекендештер!
Дүйнөдөгү тоталитардык режимдер үчүн кыйын мезгил келди. Калктын кеңири катмарына маалыматтын жетиши, окуяларга реалдуу убакытта байкоо жүргүзүү, социалдык мобилизация үчүн байланыштын электрондук каражаттарын колдонуу азыркы замандын жаңы белгилери болуп калды. Араб мамлекеттери Ливия, Тунис, Сирия, Йемен, Египетти революция толкундары жана элдик бунттар каптап өттү. Бирок «араб жазы» аталган көрүнүш азырынча оң натыйжага алып келе элек. Бул өлкөлөрдө саясий тирешүү уланып, бейкүнөө адамдар каза болууда, убактылуу өкмөттөр кризисти токтото албай, шайлоолорду уюштура албай жатышат. Кырдаалдын этнос аралык жаңжалга байланыштуу татаалдашканына карабастан Кыргызстан саясий кризистен тез чыгып, абалдын стабилдүүлүгүн калыбына келтире алды. Биз кырдаалды укуктук жана конструктивдүү нукка бура алдык. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхынын жаңы барагы ачылды.
Кыргызстандагы парламентаризм идеялары кыйрайт деп бир топ адам көзү ачыктык кылган. Бирок эч нерсеге карабастан коалициялык өкмөт бир жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатат. Мугалимдердин, медиктердин эмгек акысы бир нече эсе жогорулатылды, пенсиялар жана жөлөк пулдар өсүп жатат, экономика өнүгүүдө. Парламенттик демократия да чыңдалууда. Азыркы саясий кырдаалда парламенттик көпчүлүктүн жаңы коалициясынын кайра түзүлүшү деле кадыресе эле көрүнүш, мыйзам ченемдүү процесс. Башка парламенттик өлкөлөрдө деле ушундай нерселер байма-бай болуп эле жатат. Бул болгону бизде коомдук макулдашуунун конструкциясы өркүндөп жатканынан кабар берет.
Кыргызстан артка кайтпас чектен өттү деп ишенем. Биз алга карай барып, башталган иштерди аяктоого милдеттүүбүз.

Биз өлкөбүздүн жакшы аброюн калыбына келтире алдык, дүйнөнүн саясий картасында кадырлуу ордубузду таптык. Демократияны чыңдоодо, тынчтык жана биримдикти орнотууда жигердүү колдоого алгандыгы, бизге көрсөткөн жардамы үчүн дүйнөлүк коомчулукка ыраазыбыз. Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатында стратегиялык шериктештери менен, ошондой эле кошуна мамлекеттер менен тең укуктуу жана жемиштүү кызматташууну улантаарына ишенемин.
Урматтуу депутаттар!
Кымбаттуу мекендештер!
Тынчтык жолу менен Конституциянын чегинде бийликти өткөрүп берүү аземи эртең болот,
Мен өз милдетимди так аткардым деген сезим менен бардык жоопкерчиликти жана үмүттү мыйзамдуу шайланган парламент менен президентке артып кетип жатам.
Мен Кыргызстан элинин баатырлыгына жана көсөмдүгүнө таазим кылып, кан төгүүнү болтурбай токтотуп кала албаганым үчүн кайгыруу сезими менен дагы бир жолу кечирим сурайм!
Ошол эле мезгилде өлкөнүн бүтүндүгү жана элибиздин биримдиги сакталып калгандыгы үчүн сыймыктанам!
Мен өз күчүм жеткен иштерди турмушка ашырдым. Элдин алдында абийирим таза! Калганын тарых таразалайт.

Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!