Cаясат

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/10 12:57
 

Президент Роза Отунбаева: Биз сабатсыз муундарды өстүрүп, чала сабат өлкө болгубуз келбейт

Президент Роза Отунбаева: Биз сабатсыз муундарды өстүрүп, чала сабат өлкө болгубуз келбейт

Бишкек, 17-октябрь /Кабар/. 17-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева видеокүндөлүгү аркылуу кыргызстандыктарды мектепке барбай калган балдардын санын азайтуу үчүн биргелешип аракет кылууга чакырды.
“Бизди билимибиз гана кармап, билим берүү деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында болууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Биздин өлкөнүн келечеги, анын башка өлкөлөр менен атаандашуу жөндөмдүүлүгү адам ресурстарынын өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу болот”, - деп эсептейт Р.Отунбаева.

“Урматтуу мекендештер!
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектептерге барбай жаткан балдар менен өспүрүмдөрдүн саны 2000ге жакындап калды. Бирок, Улуттук статистика комитети эл каттоо жүргүзүү учурунда алардын саны 29 миңден аша тургандыгын аныктаган. БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) ушул жылы жүргүзгөн изилдөөлөрү алардын саны дээрлик 30 миң экендигин ырастап турат.
Бул сандарды элестетип көрүңүздөрчү – 30 миң бала мектепке барбай жатат деген эмне? Бул Кыргызстандын стандарттуу бир шаарынын же бүтүндөй бир районунун калкы эмеспи! Эгер бул тенденция ондогон жылдар бою сакталып кала турган болсо биз келечекте кандай коомго туш болоорубузду элестетүүнүн өзү эле жүрөк үшүн алат.
Соңку мезгилде биздин коомубузга мүнөздүү болгон билим берүүнүн салттуу бийик наркы көз көрүнөө эле начарлап бара жатат. Анын себеби үй-бүлөдө, мектепте, коомдогу маанайдын өзгөрүшүндө турат.
Азыркы турмуш чындыгы, экономикалык кыйынчылыктар балдарды эртелеп эле акча табууга түртүп, балдар социалдык жактан тез эле бой жетип, балдарда ата-энелерине, үй-бүлөгө жардам кылуу эң маанилүү нерсе катары кабылданып келүүдө.
Миграция балдардын жаңы категориясын, ата-энелери менен бирге “көчүп-конгон” же таптакыр эле алардан кароосуз калган балдарды пайда кылды. Алар көп учурда жаңы мектептерге жатыгып кете албай, алардын билим алууга көңүлү чаппай калууда. Мектепке барбай жаткан балдар айыл жеринде шаарга караганда эки эсе көп. Кыздарга караганда эркек балдар мектепти көбүрөөк таштап кетүүдө.
Ал көйгөйлөрдүн көпчүлүгүнүн себеби кедейликте жатат. Биз көбүнчө бардык кыйынчылыктарды кедейликке шылтап келебиз. Бирок, биздин коомдо билим алуунун жогорку наркы жана мааниси согуштагы ачкачылык жана согуштан кийинки оор учурларда да төмөндөгөн эмес. Биз бардыгыбыз совет мезгилинде көрүнүктүү педагогдор эч үй-жайсыз калган балдарга: кароосуз калгандарга, селсаяктарга билим алууга мүмкүнчүлүк беришкендигинин мисалдарын билебиз. Алардан канчалаган көрүнүктүү адамдар өсүп чыкты!
Ал эми бүгүн мектепке барбай коюунун себеби катары “мектеп дүйнөсүндөгү” катаалдыктарды: балдар, ал түгүл мугалимдер тараптан мазактоо, басмырлоо, балдардын ортосундагы айырмачылыктарга, анын ичинде мүлктүк айырмачылыктарга келишпестик, мектептик рэкетти айтышат. Педагогдорго канчалык жоопкерчиликтүү милдет тагылгандыгын жакшы билем жана мектептеги кырдаалга көбүрөөк көңүл бурууга чакырам.
Биз сабатсыз муундарды өстүрүп, чала сабат өлкө болгубуз келбейт. Бизди билимибиз гана кармап, билим берүү деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында болууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Биздин өлкөнүн келечеги, анын башка өлкөлөр менен атаандашуу жөндөмдүүлүгү адам ресурстарынын өнүгүшүнө түздөн-түз байланыштуу болот.
Урматтуу мекендештер!
Азыр, жаңы окуу жылы эми гана башталып жатканда, кеч болуп кала электе балдарды мектепке кайтаруу керек! Бардык чараларды көрүп, бул үчүн биз эмне кыла ала тургандыгыбызды ойлонолу. Мен ата-энелерге – канчалык кыйын болсо да балдарды келечегинен ажыратпагыла, алар менен билим алуу канчалык маанилүү экендиги жөнүндө сүйлөшкүлө деп кайрылат элем. Бизге өз көйгөйлөрүңөр, кооптонууларыңар жөнүндө айткыла.
Бул маселе комплекстүү мүнөздө болгондугун, билим берүү системасы анын өз алдынча чече албай тургандыгын эске алуу менен башка структураларды, биринчи кезекте - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын бул маселеге аралаштыруу керек.
Ноябрда биз бул тема боюнча кеңешме өткөрөбүз. Сиздердин ар бириңиздер өз идея жана сунуштарыңызды pisma@adm.gov.kg дарегине жөнөтө аласыздар. Билим берүү министрлигинде телефондук түз байланыш ачылган, анын номерин экрандан көрүп турасыздар”.
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы
Маалымдама:
Телефондук түз байланыш: 66-10-46, 66-30-36
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу