20.01.2017, 11:22

Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды

Бишкек, 20-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-январда буйрукка кол койду, ага ылайык, Казаков Болсунбек Күмүшбекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.