Кадр саясаты

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
10/01 18:38
 

Замирбек Осмонов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Осмонов Замирбек Бабакулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Булл тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын борбордук аппаратынын жамаатына төрага Замирбек Осмоновду тааныштырууда анын алдындагы негизги милдеттерди атады. Тактап айтканда, 2017-жылы ведомство мамлекетке экономикалык жана коррупциялык кылмыштар натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуусу жана төмөнкүлөр боюнча ишти күчтөндүрүүсү зарыл:
- салык төлөөдөн баш тартуу жана жалган ишкерлик фактыларын аныктоо;
- мамлекеттик бюджетке каражаттарды кайтаруу.
Ошондой эле КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы №524 токтомуна ылайык, контрабандага каршы күрөш алкагында алкоголдук продукцияны жүгүртүү жаатындагы күңүрт схемаларды аныктоо боюнча мобилдик топтордун ишин күчтөндүрүп,
- экономика жаатындагы , укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарындагы, отун-энергетикалык, агроөнөр-жай, билим берүү тармагындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы (жер-мүлктүк мамилелер) коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча ишти жандандыруусу керек.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы республиканын экономикалык коопсуздугу жана экономикалык кылмыштуулук түрүнө каршы күрөш абалы үчүн жеке жоопкерчилик алат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу