Айбек Кадыралиев Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Бишкек, 10-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кадыралиев Айбек Джумабаевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.