10.01.2017, 18:18

Айбек Кадыралиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-январда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кадыралиев Айбек Джумабаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.