Кадр саясаты

Декабрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
09/01 18:49
 

Жанарбек Кенжеев КРнын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Жанарбек Кенжеев КРнын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары болуп дайындалды

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жамаатына директордун жаңы орун басары Жанарбек Кенжеев тааныштырылды. Ж.Кенжеевди директордун орун басары кызматына дайындоо тууралуу буйрукка бүгүн, 9-январда кол коюлду деп билдирди КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамагенттигинин басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, мындан мурда бул кызматты Руслан Түмөнбаев аркалап келген.

Кенжеев Жанарбек Салимбекович 1985-жылы Талас облусунда туулган. Грек-рим күрөшү боюнча КРнын эмгек сиңирген спорт чебери. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юрист адистигин бүтүргөн. КРнын ардак грамотасы менен сыйланган.

Спорттук жетишкендиктери: 

2016 год — Риодогу Олимпиада оюндарынын катышуучусу
2016 год — Таиландда Азиянын чемпиону
2014 год — Кореяда өткөн Азия оюндарынын 3-орун
2014 год — Казакстанда Азия чемпиону
2010 год — Гуанчжоуда Азия оюндарынын 3-орун
2010 год — Азия чемпионатында 3-орун
2007 год — Азия оюндарында 3-орундун ээси
2006 год — Катардагы Азия оюндарынын 3-орун
2005 год — Чемпион мира среди молодежи
2005 год — Азия чемпионатында 3-орун
2004 год — Афинадагы Олимпиада оюндарынын катышуучусу
2004 год — Азия чемпионатынын 3-орун
2004 год — Азия оюндарында 2-орун
2003 год — жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында 3-орун
2001 год — жаштар арасында Азия чемпиону
2000 год — жаштар арасында Азия чемпиону

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу