09.01.2017, 15:10

Руслан Түмөнбаев Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары кызматынан кетти

Руслан Түмөнбаев Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары кызматынан кетти

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Руслан Түмөнбаев КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынын башчысынын орун басары кызматынан кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамагенттигин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, Р.Түмөнбаев кызматын тапшыруу тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган. Иштен бошотуу тууралуу буйрукка Назирдин Акылбаев 6 –январда кол койгон.

Эскерте кетсек, Р. Түмөнбаев Дирекциянын директорунун орун басары кызматын 2014-жылдан бери аркалап келе жаткан.
Белгилей кетсек Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция спортчуларды Олимпиадалык жана Азия оюндарына, дүйнө жана Азия чемпионатына даярдап, алдардын аталган мелдештердеги натыйжалары үчүн жооп берет.