05.01.2017, 11:33

Болот Жусуев Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды

Бишкек, 5-январь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков буйрукка кол койду. Ага ылайык, Жусуев Болот Аманович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.