27.12.2016, 18:25

Жазгүл Кийизбаева Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кийизбаева Жазгүл Ильичевна Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.