27.12.2016, 18:04

Азамат Эркебаев Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамагенттигинин статс-катчысы болуп дайындалды

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-декабрда, буйрукка кол койду. Ага ылайык, Эркебаев Азамат Толонович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.