Кадр саясаты

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/12 12:41
 

Рустам Курманов Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду

Бишкек, 24-декабрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Курманов Рустам Абдыкайыпович Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Чечим Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан учурдагы антикоррупциялык мыйзамдын талаптарын сактоого тийиштүү текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынды. Анын жүрүшүндө Депратаменттин ишинде одоно жана финансылык мүнөздөгү көп сандаган эреже бузуулар аныкталган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу