01.02.2014, 10:33

“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Д.Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын директорлор Кеңешинин төрагасы кызматынан кетүүнү чечти

Бишкек, 1-февраль /Кабар/.“Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасы Д.Жапаров “Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын директорлор Кеңешине аталган Кеңештин төрагасы кызматынан 2014-жылдын 1-февралынан тартып кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Д.Жапаров өз чечимин КСДП фракциясынын жыйынында айтылган депутаттардын кызыкчылыктардын карама-каршылыгы бар экендиги боюнча шектенүүлөрүн жоюу зарылдыгы менен түшүндүрдү.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнын директорлор Кеңешинин төрагасы кызматы “Кыргызалтын” ААКга “Кумтөр Голд Компанинин” 2014-жылы кабыл алынган Уставы аркылуу бекитилген. “Кыргызалтын” ААКнын Уставына ылайык, Д.Жапаровго кызматтарды айкалыштыруу акционердик коомдун директорлор Кеңеши тарабынан сунушталган.