Кадр саясаты

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
06/12 10:37
 

«Замандаш» фракциясы Бишкек мэрлигине өз талапкерин көрсөтүүгө ниеттенүүдө

Бишкек, 6-декабрь /Салтанат Абдраева – Кабар/. «Замандаш» фракциясы Бишкек мэри кызматына өз талапкерин көрсөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык кеңешиндеги “Замандаш” фракциясынын лидери Таалайбек Сагынов билдирди.
Анын айтымында, “Өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, шаар мэри кызматына талапкерди премьер-министр жана шаардык кеңештин фракциялары көрсөтө алат. “Биз бул укугубуздан пайдаланып, мэрликке өз талапкерибизди көрсөтүүгө ниеттенип жатабыз. Учурда биз кеңешмелерди жигердүү жүргүзүп жатабыз, эртең партиянын саясий кеңеши калаа мэри кызматына биздин талапкер жөнүндө маселени карайт”, - деди Т.Сагынов.
Ошондой эле ал Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун кызматтан кетүүсү ойлонулган жана таразаланган чечим. “Мен ал бул кадамга сезимдерге алдырып барды деп ойлобойм. Ал бардыгын так таразалап, ушундай чечимге келди. Бул окуя шаардык кеңештин депутаттары үчүн күтүлбөстүк болду. Кандай болсо да, кызматтан кетүүсүнө кол коюлду жана биз шаарыбыздын келечегин ойлоп, татыктуу мэр тандашыбыз керек”, - деп кошумчалады Т.Сагынов.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу