12/04 12:12
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Премьер алмаштыруунун “рекорду”

Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан бери Өкмөт башчыларын алмаштырууда, эч бир мамлекетте жок, “рекорд” койду. Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, акыркы жылдарда иштеп кеткен премьер-министрлердин ар бири белгилүү бир деңгээлде түзүк, натыйжалуу аткарышканын кантип танабыз? Ага карабай бирөөсү “күлүк” эпопеясы, дагы бирөөсү “дирекция” оюну, кийинкиси “жөн эле” кызматтан кетирилди. Бирок, алар кызматтан кетээри менен баягы “коррупция” иши дароо унутулду...

Кымбаттатуудан мурда тартипке келтирели

“Дүйнөлүк экономикалык каатчылык учурунда Кыргызстандын калкы үчүн электр кубаттуулугуна тарифтерди кайра кароого өтө этият мамиле жасап, терең жана кылдат иштеп чыккандан кийин гана чечим кабыл алуу керек. Азыркы шартта электр кубаттуулугуна тарифтерди көтөрүүгө болбойт”,-деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

ЕАЭБге кирүү- өлкөбүздүн, Кыргызстан элинин тандоосу

“ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер биздин соода-экономикалык байланышыбызда алдыңкы орунду ээлейт. 2015-жылы алардын үлүшү өлкөнүн товар жүгүртүү көлөмүнүн 42 пайызын түздү”- деди Жогорку Кеңештин төрөгасы Асылбек Жээнбеков.

Абитуриенттердин эсине!

2015-2016-жаңы окуу жылында бардык жогорку окуу жайларда контракттык төлөмдөр көтөрүлбөйт.


Суу берилүүдө, бирок, сугарган дыйкандар жок

Талас бассейиндик суу башкармалыгы суу башкармалыгы быйылда 2-марттан тартып каналдарга сугат сууну берүүнү камсыз кылды. Мисалы, учурда Сарымсак каналында 1,5 куб метр/секунда, Ногой каналанда 1,5 метр/секунда, Калининск каналында 0,5 куб метр/секунда суу берилүүдө.

Эшек темасы эмне үчүн көңүл борборунда

Кыргызстан сыяктуу ислам динин тутунган мамлекеттерде эшек этин жегенге болбойт. Динге ылайык анын эти арам делинет. Бирок, анын терисин пайдаланууга тыюу салынган эмес.

«СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА» (В конце недели)

Кыргызстан-Россия: стратегические партнеры

Больная тема- миграционное законодательство

Вступление в ЕАЭС- осознанный

Предложение-расмотреть ответственность чиновников

Правовая грамотность: польза себе и обшеству

Мы со звездами дружили дальними

Интелектуальная собственность под зашитой


“ЭРКИН ТОО”

Кыргызстан газдын 150 доллар болгонуна ыраазы

Албетте, өлкөбүз үчүн бул абдан эле сонун баа. ЕАЭБ боюнча өнөктөшүбүз Армения да газды ушул баада сатып алат.

“Кризис маалында калк үчүн электр энегиясына болгон бааларды жогорулатууга жол берилбейт”

“Дүйнөлүк экономикалык кризистин шартында Кыргызстандын калкы үчүн электр энергиясына болгон бааларды көтөрүүгө болбойт”,- деп айтты Алмазбек Атамбаев.

“СИАНЬ шаарындагы чоподон жасалган (терракот) аскерди жерге Бакай бабабыз көмдүргөн”

Бүгүн Кытайдын байыркы борбору болгон Сиань шаарына төрт чакырым жакын жерде жайгашкан Терракот аскерлер музейин билбеген адам чанда кезигет, жер жүзүндө.

“Инвесторлор жаңы жумушчу орундарын ачууда”

Премьер-министрдин ар бир район менен шаарларда ар жылы ондон кем эмес чакан ишканаларды ачуу жөнүндөгү тапшырмасына ылайык жаңы жумушчу орундарын уюштурууда Ата Мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жаатындагы көрүп жаткан аракеттерибиз уланууда.

Кара-Суу районунда шприц заводу ишке кирди

Жабдуулардын баары Кытайдан келиптир. Бул өтө чоң саамалык, анткени шприц чыгарган завод Кыргызстанда болгон эмес,- деп белгилейт атайын кабарчысы Сымбат Максутова.

“Өлкөбүз эл аралык деңгээлдеги музейге ээ болот”

Биздин музей түнкүсүн көрүнбөйт. Эми шаар тургундары, коноктору аны алыстан көрө ала тургандай болушат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу