08/04 10:51
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Эл үчүн курман болгондор эскерилди

7-апрель элдик революция күнүнө арналып Ата Бейитте өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу материалдар.

Согуш талаасына айланган жол көйгөйү

Өткөн жылы Кыргызстанда 5143 жол кырсыгы катталып, 7594 адам жаракат алган. Андан тышкары 774 адам мерт кеткен. Тагыраак айтканда күнүнө жол кырсыгынан орточо эсеп менен 3 адам каза болот,-деп белгиленет атайын кабарчы Жайыл Руслановдун материалында.

Көк тыйынсыз көргө да кире албайсың

Борборубуздагы көрүстөндөрдөгү жер бөлүштүрүү жана тейлөө көйгөйүнө арналган материал.

Ынгайлуу, бирок идеалдуу эмес

Мамлекеттик сатып алуулар процессинин уюштурулушу жана аны өткөрүү жол-жоболоруна арналган макала. Азырынча бул маселеде кемчиликтер көп,- дейт автор.

Манастан кийин Кожомкул

Дене түзүлүшү боюнча Кожомкул орус балбандары Поддубный, Заикин, Шумякиндерден алда канча зор болгон. 1930-жылы казак балбаны Балбан Шолакты жеңгенден кийин атагы казак элине кенири тараган, -дейт автор атактуу балбан Кожомкул тууралуу макаласында.


«СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА» (В конце недели)

Черная горечь и светлая память

Материалы, посвященные мероприятиям в память героев народной Апрельской революции.

Накопить к пенсии? Кто-то еще успеет…

О деятельности Государственного накопительного пенсионного фонда в Социальном фонде Кыргызстана. С 2010 года с участников накопительного компонента собрано 7 миллиардов сомов, сообщается в материале Елены Мешковой.

Тот, кто работает, достоин уважения

Интервью с директором департамента лекарственного обеспечения и медицинской техники Министерства здравоохранения страны, доктором медицинских наук Рустамом Курмановым.

Готовь сани летом…

О деятельности государственного предприятия «Кыргызжилкоммунсоюз», обеспечивающее теплом малые города республики, где уже идет подготовка к будущему отопительному сезону.

Глобальные, региональные и национальные угрозы и вызовы: найти ответы

Статья Кулубека Бокомбаева о проблеме глобального изменения климата в ее активной фазе.

Кем мы, тюрки, были и кем станем в условиях глобализации

В своей статье народный учитель, доктор социологических наук Кусеин Исаев размышляет о роли и месте тюркских народов в условиях глобализации.

“ЭРКИН ТОО”

Апрель окуясына алты жыл

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияны эскерүүгө арналган материалдардын топтому. Эл жазуучусу Элүүбай Отунчиев, экс-губернаторлор Койсун Курманалиева, Эмилбек Каптагаев, Кыргыз эл баатыры Миталип Мамытов, коомдук ишмер Анарбек Алыкуловдун эскерүүлөрү.

Сапаттуу курулуштар арбын

Аламүдүн райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Бактыбек Курманалиев айылдардын архитектуралык келбетин жакшыртуу боюнча жасалып жаткан аракеттер тууралуу маек куруп берген.

“Айлык албаган” аравандыктар

Ош облусунун Араван, Кара-Суу жана Алай райондоруна Бишкек шаарынан журналисттер каттап, элдин жашоосу, турмуш-тиричилиги менен таанышып кайтышкан. Элеттиктер эмгек менен алпурушуп, дыйканчылык аркылуу жакшы ийгиликтерге жетишип жатканы туурасында баяндалат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу