05/04 11:06
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Профессор Акылбек Усупбаев: 7-апрелде 18 саат операция жасагам

Улуттук госпиталдын республикалык илимий борборунун директору, КММАнын урология жана андрология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу Акылбек Усупбаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар тууралуу маек курат. “Жарадарларды жеткирип коюп эле,”Аянтка кеттик!” деп кайра чуркап кетип жатышты. Окко карай жалтанбай чуркаган кыргыздарды ошондо көрдүк!”-дейт республиканын башкы урологу.

Бакиевдер баарына өздөрү себепкер болду

Апрель элдик революциянын катышуучусу Кыргызбек Жумаканов маек курат. “Мен 1990-жылдан бери Көк-Жар конушунда жашагандыктан жер таламайдын баарын өз көзүм менен көрдүм. Төкөлдөштүктөргө тиешелүү эски мүрзөнү түздөтүп, жерин сата баштаганда өтө кейигеним эсимде. Бакиев өзү баш болуп, төмөндөгүлөрү төш болуп, жер алып-сатуу ишин күчөтүштү”,-дейт Апрель баатыры.

90 жылдыкка даярбыз

Ысык-Ата районунун райондук администрация башчысы Калмырза Кожомкулов 100 миң калкы бар райондун экономикасын арттыруу, эл ынтымагын сактоо жана социалдык-маданий маселелерди чечүү тууралуу жасалып жаткан иштери тууралуу маек курат.

Боргулданган Борбор Азия

Гезиттин кабарчысы Жайыл Русланов Борбор Азия чөлкөмүндөгү канатташ мамлекеттердеги азыркы абал жана өз ара алака тууралуу кеңири баяндайт.

«СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА»

Память жива в сердцах

В преддверии 6-й годовщины Апрельской революции общественное обьединение «Айкөл Ала-Тоо” провело в мемориальном комплексе Ата Бейит акцию по озеленению и благоустройству территории пантеона.

Не забудем мужество ребят

С торжественного мероприятия, посвященного шестой годовщине апрельских событий - репортаж спецкорра Дмитрия Ащеулова.

Как правильно распределять доходы от горнодобычи

Эксперт Уянга Ганхуяг – специалист в сфере промышленности, экономист департамента программы развития ООН делится своим мнением о системе распределения доходов от добычи природных ресурсов в различных странах мира.

Заветный зеленый берет “Скорпиона”

Репортаж Павла Рязанова с полигона под Токмаком, где проходил квалификационный экзамен на получение зеленого берета – символа военной элиты.

“ЭРКИН ТОО”

Адилеттик үчүн күрөш өтө кымбатка турду

Апрель элдик революциясынын маани-маңызын ачып берүүгө арналган Атай Алтымышевдин аналитикалык макаласы.

Жамыга жарыгын чачкан жан эле...

Залкар адабиятчы, сынчы, публицист жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата Ильгиз Талиптин эскерүүсүнүн уландысы. “Сакебиз өзүндөгү табыгый жөндөмдү же өзгөчө эрудицияны көрсөтүш үчүн эмес, күндөлүк ыбырсыган көндүм турмушка алымсынбагандыктан, анын алкагын жарып, жаңыча жашоого аракетинен улам жарала тургандыгын биз билчүбүз”,-деп эскерет автор.

“Инвесторлор жакшы, өзүңдүкү болсо андан артык”

Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысы Калыс Джудеев райондун экономикасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан азыноолак аракеттери тууралуу ой бөлүшөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу