29/03 11:58
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

КЫРГЫЗ ТУУСУ

«Эч кимдин көкүтүүсү менен эмес, өзүбүз өлкө келечеги үчүн чыкканбыз”

Апрель элдик революциясынын 6 жылдыгына карата ошол окуялардын катышуучусу Бакыт Турганбаев анын себептери жана шарттары тууралуу ой бөлүшөт.

Интеграция жолунда

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусунун артыкчылыктары жана келечектүү багыттарына арналган атайын бет.

Экс-президенттин акциясы

Мектеп окуучуларына берилчү ысык тамактын сапатын жакшыртуу багытында экс-президент “Роза Отунбаеванын демилгеси фонду” айыл жерлерине мөмө бактарын тигүү боюнча көтөргөн демилгеси кандайча ишке ашырылып жаткандыгы баяндалат.

Коомчулуктун жардамы менен көп көйгөйлөр чечилүүдө

“Кыргыз Туусунун” “Жылдын мыкты айыл аймагы” сынагында Сузак районундагы Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Афтандил Кушбаков элет элинин турмушун жакшыртуу боюнча жасап жаткан иштери тууралуу маек куруп берет.

“Филармония мен үчүн кут даарыган ыйык жер”

Белгилүү сахна жылдызы Токтобүбү Черикчиеванын чыгармачылык жолу, келечек ойлору тууралуу маеги. “Кызыл гүл”, Кайыр кош” ырларын катыра аткарган мукам үндүү ырчынын чыгармачылыгына быйыл 30 жыл болот экен.

“СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА”

Ипподром с видом на озеро

О ходе реконструкции ипподрома в селе Бактуу-Долоноту, где в сентябре этого года состоится большое и зрелищное событие – II Всемирные игры кочевников .

Универсальный патруль

С 1апреля в структуре МВД начнет функционировать новое подразделение – патрульная милиция. Созданная на базе ДПС и ППС. Комментарий начальника ДПС Ыманалы Саркулова.

Отраслевая наука – маяк экономики

Министр экономики Арзыбек Кожошев о проблемах, копившихся годами, о конкретных шагах Правительства Кыргызстана по дальнейшему развитию экономики страны.

О реформах в Счетной палате

Рассказывает экс-аудитор Счетной палаты Гулжан Эгимбаева, которая считает, что закон о проведении СП аудиторских мероприятий в соответствии с международными стандартами принят еще 2004 году, однако мы должного опыта не имеем.

Туберкулез можно победить. Но всем миром

Специальная подборка Елены Мешковой, посвященная борьбы с этим злом.

ЭРКИН ТОО

Элдин жүзүн эми кантип карайсыңар?

Кыргызстанда мамлекеттик бийликти күч колдонуу менен кантип колго алуу тууралуу жең ичинен тымызын сүйлөшкөн оппозиционерлердин жүзүн ашкерелөөгө арналган материал.

Жамыга жарыгын чачкан жан эле..

Залкар адабиятчы, сынчы, публицист жана коомдук ишмер Салижан Жигитовдун 80 жылдыгына карата Ильгиз Талиптин эскерүүсү.

“Кой чарбасындагы селекциялык иштер жанданууда”

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мал чарбасын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Сулайман Мамаев Кыргызстанда койдун тукумун жакшыртуу, жүнүнүн сапатын арттыруу жана этин көбөйтүү боюнча кандай жумуштар жасалып жаткандыгын баяндайт.

Бурана

Кыргызстандагы эң баалуу тарыхий архитектуралык эстеликтердин бири Бурана тууралуу материал.

Билим берүүдөгү көйгөйлөргө көңүл бурсак

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев билим берүү тармагындагы көп көйгөйлөр туурасында ой бөлүшөт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу