22.03.2016, 11:28

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

«КЫРГЫЗ ТУУСУ»

Улустун улуу күнү шаңдуу өттү

Нооруз майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында шаңдуу белгиленди. Бишкек шаарында кандай белгиленгендиги тууралуу баяндаган материал.

Ишкер айымдар – улуттук экономиканын тиреги

“Айымдар ишкердүүлүгүн колдоо” долбоору айыл жергесиндеги жана кичи шаарлардагы аялдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга кандай салым кошуп жаткандыгына арналган атайын бет.

Айыл медицинасынын ийгиликтери

Ноокат аймактык ооруканасынын элет жеринин жашоочуларынын саламаттыгын сактоо боюнча ишмердигине арналган атайын разворот.

Өлүм жазасы бизге керек

Ардагер мугалим Осмон Дүйшембиев Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү зарыл деп эсептейт.

Келкели келген Кемин

Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган материалда Кемин районунун акими Тынарбек Супатаевдин салымы чоң дешет район тургундары.

“ЭРКИН ТОО”

Кыргыз тарыхы боюнча жаңы маалыматтар чыгып жатат

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча дирекциянын жетекчиси Султан Раев менен маек.

Кыргызстан туруктуу өнүгүп жаткан өлкө

Кыргызстандын бүгүнкү күндө экономикасынын өнүгүшүн баяндаган атайын бет.

Жеңилдетилген кредиттер айыл чарбасынын бардык тармагына берилүүдө

“РСК банктын” кичи жана орто бизнести кредиттөө бөлүмүнүн башчысы Эдил Эшалиев менен айыл чарбасына бөлүнгөн жеңилдетилген кредиттер кандай шарттарда берилип жаткандыгы тууралуу маек.

Кербен шаары быйыл таза суу менен толук камсыз болот

Кербен шаарынын мэри Абдумалик Абсаматов менен шаардын тургундарын таза суу менен камсыз кылуу, шаарды жашылдандыруу маселелери, проблемалар туурасында маек.