15/03 11:21
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

«ЭРКИН ТОО»

Билим берүү тармагында башталган чоң өзгөрүүлөрдү 2016-жылы аягына чыгарабыз

Билим берүү жана илим министри Э.Сариева гезиттин окурмандары менен “Түз байланыштагы” суроолоруна жооп берет.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу туура болгондугун турмуш өзү далилдөөдө

Кыргызстандын жаңы экономикалык бирликке кошулуусунун артыкчылыктары тууралуу Атай Алтымышевдин кеңири материалы.

Күнөскана куруу – чоң бизнес

Акыркы жылдары Кыргызстанда кеңири жайылып жаткан күнөскана куруу, анын артыкчылыктары туурасында Чүй облусунун Аламудүн районунун Мраморное айылындагы жеке ишкер 22 жаштагы Токтоналы уулу Нургазы тажрыйба бөлүшөт.
Жайыл районунун аймактык ооруканасына 60 жыл
Аймактык оорукананын жүргүзүп жаткан иштери туурасында башкы директор, медицина илимдеринин доктору Болотбек Майканаев маекте ангеме куруп берет.

Атага тең уул Азиз Бейшеналиев

Атактуу кыргыз актеру Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз ата жолун жолдоп, кино өнөрүнө кандайча келгендиги, дегеле актерлук жолу туурасында айтып берет.

Аялуу катмардын ажарын ачкан соцкызматкер

Ысык-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкери Күльмира Шамшиева менен бир күндүк түйшүк чагылдырылат.
Биринчи байлык – ден соолук
Ош облустук балдар клиникасынын ишмердигине арналган атайын бет.

«СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА»

Скидка для ветеранов

Министерство труда и социального развития определило, кто имеет право на полное или частичное освобождение от взносов за страхования жилья.

Очередь на работу

В этом году Кыргызстан может принять по квотам 14 490 иностранцев. В целях оптимизации противодействия коррупции Госслужба по миграции запускает систему электронного приема документов с применением электронной цифровой подписи.

«Смотрящий» или операция «Ы»

Статья экс-губернатора Батканской области С.Айжигитова о деятельности Национального банка Кыргызстана и опыте работы денежно-кредитной системы в других государствах.

Неудобные вопросы для Соцфонда

Материал об очередной встрече пенсионеров с председателем Социального фонда страны Мухаммедкалыем Абулгазиевым, который выслушал мнения ветеранов и отчитался о проделанной работе.

Кто, почему и куда убрал с улиц гранитные бордюры?

Разворот, посвященный вопросам развития отрасли строительных материалов в Кыргызстане, который был рассмотрен на очередном заседании Международного делового совета.

Умная школа

В этом году будет запущена программа во всех школах страны под таким названием. Суть проекта – использование современных информационных технологий в учебном процессе.

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Көмүрүбүз 300 жылга жетет

Кыргызстандын көмүрү 300 жылга жетээрин тоо кенчилер ассоциациясынын мүчөсү К.Тажибаев билдирет.

“Төө буурчак белоктуу, сапаттуу азык”

Медицина илимдеринин доктору, Энелерди жана балдарды коргоонун улуттук борборунун башкы директору Камчыбек Узакбаев тамактануу маданияты тууралуу маек курат.

Чүй облусунун 90 жылдыгына карата

Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Аманкан Кенжебаев облустун 90 жылдыгына карата даярдык туурасында маеги.

“Нурдан-Нур”- балдардын бактылуу уясы”

Аталган бала бакчанын ишмердиги тууралуу анын жетекчиси Элмира Молдоомирова менен кеңири маек.
Жакшы. Бирок кооптуу. Пайдасынан зыяны көп интернет
Интернет тармагынын күңгөй-тескейи, социалдык тармактардын турмушка тийгизген таасирлери туурасында материалдар.

Каган Барсбек

Орхон-Енисей тарыхый булактарында алгачкы ирет ысымы даана кездешкен кыргыз мамлекет башчысы тууралуу Тарых жана маданият жылынын алкагында тарыхчы, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору Дөөлөтбек Сапаралиев сөз кылат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу