11/03 13:03
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

“Эркин Тоо”

Тарыхта калган издер

Чоң Чүй каналы

Макала Чоң Чүй каналы кайсы жылдары курулгандыгы туурасында жазылган. Курулуштун долбоору 1905-жылга туш келген. Элдин ынтымагы башкы өзөк болуп, улуттун эртеңки келечеги башкы идеология болгон. Курулуш жүрүп жаткан учурда дарыянын жээгинде маданият өкүлдөрү манас айтып, концерт коюп турушкан. 150 чакырымга созулган курулуштун дээрлик көп бөлүгү 1958-жылы курулуп бүткөн.

Түз байланыш

Билим берүү тармагында башталган чоң өзгөрүүлөрдү 2016-жылы аягына чыгарабыз

“Эркин Тоо” гезитинин редакциясына Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева түз байланыш аркылуу окурмандардын суроолоруна жооп берди.

Каада салт

Кыргыздар балдарын кантип тарбиялашкан

Кыргыздар тарыхта эң байыркы элден экендиги айтылып келет. Алар өзүнүн башынан эмне деген гана окуяларды кечиришкен жок. Ошондуктан, кыргыздардын кылым карыткан акылындай акыл жоктур.

Келиндин чачын өрүү

Кыргыз элинин улуттук каада-салттарынын бардыгы электен өткөрүлүп, акылдын көрөңгөсүнөн келип чыккан. Кайсы жөрөлгө салтын албайлы, аларда тунук ой, көрөгөч акылдын угуту байкалат. Жаңы келген келиндин чачын өрүү салты бүгүнкү күнгө чейин ыйык салт катары Ат-Башы районунда колдонулуп келет. Дал ушул жаңы келген келиндин чачын кантип өрүү керек экендиги туурасында макалада кенен айтылган.

Боз үй жасалгасынан кыргыз маданиятын көрүүгө болот

Кыргыз маданиятын, тарыхын дегеле көчмөндөрдүн жашоосун боз үйсүз элестетүүгө мүмкүн эмес. Макалада Тоң районунун боз үйчүлөр айылы Кызыл-Туу айылындагы боз үй усталары менен боз үйдүн жасалгасын толугу менен жасаган уздар туурасында кеп болот. Бул айылда жайдыр-кыштыр чий чырмап, чий согуп, тегирич терип боз үйдүн ички жасалгасы менен алектенген уздар арбын.


“Слово Кыргызстана”


1916: исход
Царский указ как последняя капля терпения, или Причины восстания 1916 год по Кушбеку Усенбаеву.

Танго вдвоем

В Бишеке прошло очередное, третье заседание по координации совместной деятельности государства и бизнеса в целях выполнения антикоррупционных мер правительства.

Ярмарка жизни

Заметки москвички , живушей в Кыргызстане. Все написанное является правдой, только правдой и ничем, кроме правды. Все имена вымышлены, а события – настояшие.

Лица страны

Героиня нашего временны.

Память

12 бриллиантовых ролей Андрея Миронова. В этом году знаменитому советскому актеру театра, эстрады и кино исполнилось бы 75 лет.

«Кыргыз Туусу»

 

Тарифти көтөргөндөн көйгөй чечилбейт!

Маршруткалардан арылуунун маалы келди. Бусиктерди биротоло алып таштоо үчүн Бишкек шаарына 1000ден ашык автобус менен троллейбус керек!

Өткөндү унутпайлы

13-март – Бакиевдерден калган кандуу так.

Кыргыздын кулибиндери

Ар бир өсөйүн деген мамлекет өзүнүн географиялык, климаттык, жаратылыштык, ресурстук дараметинен улам жаралган артыкчылыктарынан пайдалануу багытын алат. “Өз колубузда арзаны турса, кымбатын сатып алып жатабыз”-дейт профессор Төлөмүш Орозалиев.

Алп акын 75 жашка чыкмак

Атактуу акын Турар Кожомбердиев тууралуу эскерүүлөр.

Дарылыкка билип ич

Улуттук суусундуктарыбыздын дарылык касиети жана ысык-суукка бөлүнүшү тууралуу кыл тамырчы Дүйшөнбек Чомо уулу айтып берет.

Акун агабыздын орду жоктолууда

Белгилүү маданият жана коомдук ишмер Акун Токтосартов тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун эскерүүсү.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу