26/02 12:19
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

“ЭРКИН ТОО”

ЕАЭБдин таасири

Макала кийим тигүү өндүрүшүнүн кечээги жана бүгүнкү абалына багытталган. Жергиликтүү эксперттердин болжолунда тармакта 150 миңдей адам эмгектенет. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2012-жылы тармактын өндүрүштүк көлөмү 9 млрд 252,8 млн сомду түзгөн. Бул өлкө боюнча акыркы 5 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Кыргызстан ЕАЭБге кирүү менен абал бир топ кыйындады. Бирок, кийим тигүүчүлөрдүн алдына зор рынок ачылды.

Ипотекалык кредитти кантип алса болот?

Ушул багытта кенен маалымат берилет. Маселен, премьер-министр Темир Сариевдин айтуусунда, мамлекеттик ипотека боюнча турак жай алуучулардын 2 тизмеси түзүлүүдө. Анын бирин Бишкек мэриясы түзүүдө. Экинчиси болсо социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн даярдалууда.

Жүз жылдар мындан кийин да...

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев 95 жашка чыкты. Анын башка акындардан айырмасы ырларындагы ар бир сабынын канаты бар. Учат, окурманды кошо учуруп кетет. Аргымак жөнүндө жазса, тулпардын үстүндө сызып бараткандай болосуң.

“Бий ханышасынын” 90 жылдыгы белгиленип жатат

Атактуу балерина, тубаса талант, жагымдуу жүзү менен жандүйнөсү төп келген кыргыздын бий ханышасы Бүбүсара Бейшеналиева көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак экен. Арабыздан шум ажал 47 жаш курагында алып кеткен. Анткени менен аз өмүрүндө сахнаны жана элдин жүрөгүн өзүнө багынткан балерина эң таасирдүү жана адам суктанарлык ролдорду жараткан. Кооз бийлеген элеси тирүүдөй дале элдин эсинде.

“СЛОВО КЫРГЫЗСТАНА” (В конце недели)

“За стабильность в регионе”

Министерство внутренних дел в Сокулуке иницировало областной форум по воросам борьбы с терроризмом, эсктремизмом и детской преступностью.
Плетение словес в Кыргызстане
Народный писатель, драматург Мар Байджиев рассказывает историю создания и становления Госкомиссии по языку в республике, размышляет, поднимает проблему по дальнейшему развитию государственного языка.
“В статью 5 действующей Конституции внест поправку: “государственным языком Кыргызстана является кыргызский язык. Русский язык в Кыргызстане служит для межнационального, делового и международного общения”,- предлагает писатель.

Муфтият живет общими проблемами страны

Глава Духовного управления мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев отвечает на вопросы корреспондента, размышляет о религиозной ситуации в стране, о расточительстве при проведении торжественных мероприятий, свадеб, похорон, о реформе деятельность ДУМК.

Севастопольцы покорили Бишкек

Ансамбль песни и пляски Краснознаменного черноморского флота из Севастополя – лауреат международных конкурсов дал покорил зрителей столицы, Каракола и Канта.

Особенности национальной охоты салбуурун

В спортивную программу вторых Всемирных игр кочевников включены состязания по национальным видам охоты салбуурун. Об особенностях национальной охоты в статье А.Шепеленко.

О юном человеке преклонного возраста
Очерк об Аскаре Жумагулове – ярком, деятельном и самое главное неравнодушном человеке. “Аскар Жумагулов до сих пор в строю молод душой и телом всегда несет позитивный заряд окружающим, приносит большую пользу республике. Он молод в свои 75лет!”,- отмечает автор.

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

“Кара пакеттеги материалдын 58-барагында атылгандардын тизмеси бар экен”

Ардагер чекист, 1991-жылы Кыргызстандын мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Чоро Мураталиев менен маек. Чекист Кыргызстандын тарыхындагы көптөгөн окуялар боюнча белгисиз маалыматтарды ачыктайт. Айрыкча Чоң-Таштагы көрүстөндүн табылыш тарыхына кеңири токтолот.

Адилет бийликтен акыйкат издейм

Жабырлануучунун атасы Самат Эргешов баласы Самат уулу Улан Кадамжай райондук ИИБ убактылуу кармоочу жайында мыйзамсыз кордук көрүп жатканына арызданып, Жогорку сотко жана Башкы прокуратурага кайрылат.

Кыргыздын кыраан кыздары

Кезинде кыргыз медициналык институтунда үзүрлүү эмгектенген, азыр ардактуу эс алуудагы Бермет Казиева жана “Үмүт” дыйкан чарбасынын жетекчиси Анаркүл Сапарбекованын өмүрү жана ишмердиги тууралуу кеңири баяндар.

Сарамжалдуулук жана ысырапкорчулук

Философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев бул актуалдуу маселе Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ деп эсептейт. Аны менен бирге ЖК “Тазалануу” мыйзамын кабылдоосу зарыл деген оюн билдирет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу